Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Москва-Астрахан жолунда автобус кырсыкка учурап, беш адам каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Жекшемби күнү эртең менен Рязандын жанында жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурап, беш адам, анын ичинде 47 жаштагы айдоочу каза болду.

12 жабырлануучу ооруканага түштү. Алардын үчөө реанимацияда экенин Рязан облустук саламаттыкты сактоо министри Андрей Прилуцкий билдирди.

Жол кырсыгынан жалпы 20дан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Москвадан Астраханга бараткан автобус Скопин районунда жолдон чыгып, көпүрөнүн таянычын (темир жолдун) сүзүп алган.

Ыкчам штабдын маалыматы боюнча кырсык жолдогу тайгалак муздун айынан келип чыккан.

"Айдоочу тоңголок жолдо айдап баратып, тайгаланып, рулду башкара албай калган", - деп жазылган расмий кабарда.

Буга чейин маалымат агенттиктери айдоочу рулда баратып "уктап калышы же эс-учун жоготушу ыктымал" деген версияларды жазып чыккан.

Облустук ички иштер министрлиги билдиргендей, автобуста 49 адам болгон.

Кырсык боюнча "байкоосуздан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG