Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:11

"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна административдик комплекс курулат


"Ысык-Көл" мейманканасы. 27-декабрь, 2021-жыл
"Ысык-Көл" мейманканасы. 27-декабрь, 2021-жыл

"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги административдик комплекс курулат. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты. Анда "Ысык-Көл" мейманканасынын таржымалына токтолуп, 37 жыл мурун курулган имарат 2007-жылдан бери таптакыр колдонулбай калганы белгиленет.

Администрациянын маалыматында, имаратты сактап калуу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, андан майнап чыккан эмес.

"Каражаттарды рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Президенттик администрация Кыргызстанда эгемендик жылдары бир да административдик имарат курулбаганын эске салды.

Учурда "Ысык-Көл" мейманканасын бузууну "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат. Эми курулушту ишке ашыруу үчүн президенттин иш башкармалыгын алдында атайын дирекция түзүлөрү белгилүү болду.

Өткөн аптада бийлик Бишкектин түштүк тарабындагы "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратын бузууну баштаган. Президенттин иш башкармалыгы имарат көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалга келгенин, аны мындан ары пайдалануу кооптуу экенин билдирген. Бул кадам социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG