Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

Түштүк Кореянын өкмөтү мурдагы президент Пак Кын Хеге ырайым берди


Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе сотко алынып келе жаткан учур, 25-август 2017-жыл.
Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе сотко алынып келе жаткан учур, 25-август 2017-жыл.

Түштүк Кореянын өкмөтү коррупция айыптары боюнча узак убакытка түрмөгө кесилген мурдагы президент Пак Кын Хеге ырайым берди. Бул тууралуу өлкөнүн юстиция министри Парк Беом-Кье 24-декабрдагы брифингде билдирди. Ал мурдагы президент 31-декабрдан тарта мунапыс бериле турган 3 миңден ашуун адамдын бири экенин айтты.

"Биз тарыхтын жагымсыз бөлүгүн артка калтыруу үчүн жана келечекте жаңы кадам таштоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн президент Пакты бул тизмеге коштук", - деди министр.

Мурдагы президенттин тарапташтары жана оппозициядагы "Элдин күчү" партиясынын саясатчылары быйыл март айында өткөн президенттик шайлоонун алдында бийликти Пак Кын Хеге ырайым берүүгө чакырышкан.

Мурдагы авторитардык президент Пак Чон Хинин кызы Пак Кын Хе 2012-жылдагы шайлоону утуп, Түштүк Кореянын алгачкы аял президенти болуп калган. Бирок төрт жыл өтүп-өтпөй импичмент аркылуу кызматтан кеткен.

2017-жылы паракорчулук жана коррупция айыптарына байланыштуу 20 жылга, шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн кошумча эки жылга абакка кесилген. Ал мурдагы президент курбусу менен чогуу чоң корпорациялардан пара алган деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG