21-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын жаабайт, кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 10…15;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…1, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;
Бийик тоолордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -7…-12;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…1, күндүз 11…13 градус.