Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

ИИМ таксисттерди тартипке салмай болду


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда шаар ичинде жана кан жолдо такси кызматын көрсөткөндөрдөн лицензия алуу талабы киргизилгени жатат. Азырынча лицензиянын баасы жана шарттары так аныктала элек. Акыркы жылдары таксисттер катышкан жол кырсыктары көбөйгөндүктөн Ички иштер министрлиги (ИИМ) муну ушундай жол менен тартипке салууну көздөйт.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы такси кызматын лицензиялоонун жол-жобосун иштеп баштады.

Башкармалыктын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов долбоор 2022-жылдын март айында даяр болуп каларын билдирди. Эгерде шаар ичинде жана облустар арасында такси кызматын көрсөткөндөрдү лицензиялоо ишке ашса, айдоочулардын жоопкерчилиги каралып, мамлекеттик көзөмөл киргизилет.

Ыманалы Саркулов.
Ыманалы Саркулов.

“Азыр лицензия албагандыктан биз кайсынысы такси, кайсынысы такси эмес экенин билбейбиз. Ошондуктан анын баарына лицензия берип туруп мамлекеттик көзөмөл киргизүү керек болуп жатат. Анткени, азыр ашып кетсе таксисттердин 30% патент алат. Калган 70% же андан көбү жөн эле иштеп жүрөт”.

Такси кызматын көрсөткөндөр ушул тапта ыктыярдуу патент алып иштейт. Ыманалы Саркулов айтып жаткандай бирок аны көбү албайт. Таксилерди көзөмөлдөгөн, алардын ишин жөнгө салган мамлекеттик мекеме жок болгондуктан таксисттердин саны, алар кандай шартта эл ташып жатканы, бир күндө канча саат иштегени белгисиз.

Аларга лицензия алуу талабын киргизүү президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу боюнча кол койгон жарлыкта жазылган. Анда ИИМге жеңил автоунаа менен жүргүнчү ташууну лицензиялоо тапшырмасы берилген.

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Касмамбетова таксисттерди лицензиялоодогу айрым талаптар тууралуу айтып берди. Анын маалыматына караганда, азыркы мыйзам боюнча кийин лицензия албай иштеген таксисттер 1000 сомго чейин айыпка жыгылат. Лицензиялоонун жыйынтыгында машинанын техникалык абалы да текшерилет.

Чынара Касманбетова.
Чынара Касманбетова.

“Жол коопсуздугун караган инспекторлор планшеттерди колдонушат. Анда такси айдагандардын, эл ташууга колдонулган автоунаа боюнча да маалымат базасы болот. Ошол эле жерде айдоочу иш режимин сактап атабы же жокпу көзөмөлдөнүп турат деп айтылды. Кийинчерээк көчмө посттор да иштей баштайт деген маалымат бар. Бара-бара планшеттерди бардык кызматкерлерге берип аларда такси кызматын көрсөткөндөр боюнча маалымат болушу керек деген пландар бар экен”.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны 8 миңден ашты.

Ал эми 2010-жылдан бери өлкөдө 74 миңге жакын автокырсык болуп андан 11 миңден ашуун киши каза таап, 109 миңден көп адам ар түрдүү жараат алган. Ушул аралыкта 16 миңден ашык кырсык балдардын катышуусу менен болгон. Бул жалпы кырсыктардын 22,1% түзөт. Андан 1 306 бала мүрт кеткен.

Таластан Бишкекке каттаган таксист Мизир азыр патентти ай сайын алып иштеп жатканын, лицензия да ушундай шартта берилсе жакшы болорун билдирди.

“Лицензия аз убакытка берилсе улам-улам убара болуп алганга бизде шарт жок. Эми жол кырсыктары негизи ичимдик ичип алып машина айдагандан да болуп жатпайбы. Биздин деле арабызда эс албай иштегендер бар. Бирок кыш келгени эки-үч жолу каттай албайбыз”.

Көп учурда таксисттер эс албай иштейт, бир күндө эки-үч жолу каттамга чыгат деген дооматтар айтылып келет. Ал эми шаар ичинде такси кызматын көрсөткөн компаниялардын кызматкерлеринен тышкары көчөлөрдө эл ташыган да айдоочулар бар. Айдоочулар коомунун төрөгасынын орун басары Дүйшөн Токтакунов айтылып жаткан сын-дооматтарга кошулат.

“Буларды көзөмөлдөбөсө чын эле алардын айынан кырсыкка кабылып майып болуп калгандар, каза тапкандар канча. Таксисттерди эч ким көзөмөлдөбөй калыптыр да. Алар бири-бирине телефон чалып эле кардар таба коюп иштей беришет. Машина айдаган киши эс алыш керек да. Ошко барып кайра ошол эле күнү келип калган болбойт”.

Жол кырсыктарын азайтуу боюнча президент кол койгон жарлыкка ылайык, айдоочулук күбөлүк берүү, квалификациялык экзамендерди өткөрүү, автомектептерге лицензия берүү ИИМге берилди. “Унаа” мамлекеттик мекемеси да эми ушул министрликке карайт. Жол коопсуздугу боюнча маселелерди көтөрүп келаткан жарандык активист Урмат Казакбаев таксисттерди лицензиялоо менен эле кырсыктардын санын азайтууга болбой турганын айтты.

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

“Жол кырсыктарын азайтыш үчүн биринчи инспекторлорду туура иштетиш керек. Ошондо гана жолдо тартип болот. Кайсы жерде көп кырсык болсо ошол аймактарга камераларды орнотуп, инспекторлорду коюш керек. Эң чоң көйгөй – коррупция. Камераларды көп орнотсоң ага акча бере албайсың. Демек, эрежени да сактайсың. Кызматкерлер болсо акча алып атат да. Айдоочулук күбөлүк берүү дагы башка бир топ ишти Ички иштер министрлигине өткөрүп салышты. Министрлик азыркы иши менен эч качан жакшылыкка алып барбайт. Минстрлик айдоочулук күбөлүк берип, жол эрежесин көзөмөлдөп жетишеби же кылмыштуулук менен күрөшөбү?”.

Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болот. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1,35 миллион адам каза табат.

XS
SM
MD
LG