Мурдагы президент Аскар Акаев 8-августта кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кени боюнча келишимге барганына кечирим сурады. Акаев 16 жылдан кийин мекенине кайтып келүүсүнө аталган келишим боюнча сурак себеп болгонун ырастаган.
"Мекенден алыс жүрүп, октябрь окуяларынан кийин Кумтөр алтын кенинин айланасында болуп жаткан окуяларга, чечкиндүү кадамдарга көз салып отуруп, четте кала албадым. Кыргызстанда жоопко тартылып, издөөгө алынсам да, "Кумтөр" иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн келдим".
Акаев Кыргызстан эгемендик алгандан кийин мамлекет башчысы катары өлкөнү туруктуу каражат булагы менен камсыздоо милдетин алганын, ал булак Кумтөр алтын кени болгону үчүн аны иштетүү тууралуу келишимге барганын белгиледи.
1992-жылы декабрь айында Кумтөр алтын кенин иштетүү үчүн канадалык "Камеко" корпорациясы менен башкы келишим түзүлгөн. "Кумтөр" долбоору ошону менен башталган.
"Келишим түзүлгөндөн тартып Кыргызстан көп жолу канадалык компаниянын кызыкчылыгы үчүн, улуттук кызыкчылыкка каршы кадамдарды жасады. Анын ичинде кыргыз өкмөтүнүн "Камеко" компаниясын салыктардан бошотуу тууралуу 1992-жылкы токтому, кенди башкарууну Канада тарапка берип койгону үчүн кыргыз тарап эч кандай дивидендге да ээ боло албай, мамлекеттик бюджетке салык да түшпөй калган", - деген Акаев бул үчүн өзүн да, өкмөттү да күнөөлөгөн.
"Бул жерде президент катары менин да катам бар, анткени "Кумтөр" долбоору" боюнча чечимди мен кабыл алгам. Ошол өкмөткө Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алган деп сокур ишеним артканмын".
Мурдагы президент аталган долбоор боюнча өзүнүн эң чоң катачылыгы деп, 2003-жылкы келишимге макулдук бергенин атады. Кайрылуусунда айткандай, ал ошол кездеги премьер-министр Николай Танаевдин өкмөтүнө "Центерра" менен келишимге Кыргызстандын кызыкчылыктары корголуп, үлүш тең бөлүнсө гана баргыла деген тапшырма берген. Бирок Танаевдин өкмөтү аны ишендирип туруп, өлкөнүн алтын кендеги үлүшүн 33,3% кылып, келишим түзгөнүн кеч билип калганын билдирди.
"Мен катачылыктарым үчүн кечирим сурайм. "Кумтөр" долбоору боюнча кыргыз элинин үмүтүн актай албадым", - деди.
Аскар Акаев ошондой эле долбоордон өлкө жарыбаган тыйын, талкаланган экология менен калып жатканы үчүн мезгилинде өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынбаганы үчүн өз билгенин кылган канадалык инвесторлорду айыптады.
1992-жылы, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча алгачкы келишим түзүлгөн учурда өкмөттү Турсунбек Чынгышев жетектеп турган. 2003-жылы премьер-министр болуп турган Николай Танаев 2005-жылы Акаев менен чогуу качып кеткен.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-жылдан 2005-жылга чейин башкарган. 2005-жылы 24-мартта бийликтен кулатылган. Үй-бүлөсү менен Кыргызстандан кетип, Орусияда жашап жүргөн. 2-августта ал Бишкекке келди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Кумтөр" долбоору боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Москвадан алып келингенин билдирсе, Акаев бийлик менен сүйлөшүп алып өз эрки менен келгенин айтууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Кумтөр" иши боюнча он чакты мурунку жана азыркы аткаминерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын кармап, камаган. Алардын ичинде экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана экс-спикер Асилбек Жээнбеков бар.
Бишкектин Биринчи май райондук соту "тергөө менен кызматташканы үчүн" үч депутатты - Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана Исхак Пирматовду үй камагына чыгарган. Бабанов саламаттыгына байланыштуу бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.(ZKo)