Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:39

Улуттук олимпиада комитетинин президенти шайланды


Садыр Мамытов. 10-декабрь, 2021-жыл.
Садыр Мамытов. 10-декабрь, 2021-жыл.

Бишкекте 10-декабрда өткөн Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясынын жыйынында Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Садыр Мамытов шайланды. Ат спорту федерациянын президенти Садыр Мамытовго 44 добуш берилсе, атаандашы “Келечек” олимпиадалык академиясынын башчысы Болот Мотукеев 10 добуш алды.

Жыйында УОКтун президентинен сырткары, вице-президенттери менен катар аткаруу комитетинин 11 мүчөсү тандалды. Комитеттин биринчи вице-президенти болуп хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, вице-президенти болуп жаа атуу федерациясынын президенти Элнура Осмоналиева шайланды.

УОКтун мурдагы президенти Шаршенбек Абдыкеримов 23-ноябрда саламаттыгына байланыштуу иштен кеткен. Декабрдын башында Саламат Эргешов да Улуттук комитеттин башкы катчысы кызматынан кетүүгө арыз жазган. Биринчи вице-президент Канат Аманкуловдун 9-декабрда өз арызы менен кызматын тапшырганы белгилүү болду. (GT)

XS
SM
MD
LG