Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:31

Европа соту мигранттарды артка кайтарууга каршы чечим кабыл алды


 Беларус-Польша чек арасындагы мигранттар.
Беларус-Польша чек арасындагы мигранттар.

Адам укуктары боюнча Европа соту буга чейин Польшага кирген мигранттарды кайра Беларуска депортациялоого тыюу салды. Мындай чечим соттун сайтына 6-декабрда жарыяланды.

2021-жылдын 20-августунан 3-декабрына чейинки аралыкта Адам укугу боюнча Европа сотуна 198 арыз түшкөн. Анын ичинен Евробиримдиктин аймагында коопсуздугун камсыз кылууну суранган 47 арыз каралып чыкты. Арыздардын көбү (44) Польшага, дагы экөө Латвияга жана бирөө Литвага каршы берилген.

"Арыз ээлери Польшада экенин айтып, Беларустун аймагына кайра кайтарып жибербөөнү суранган. Соттук коллегия 39-эрежени колдонуп, эгерде алар чындап ошол өлкөнүн аймагында турган болсо, анда Польшадан кайра артка чыгарылбашы керек", - деп айтылат соттун токтомунда.

Европа соту ошондой эле, Варшавадан беларус-поляк чек арасында турган 32 ооган атуулунун адвокаттарын да кабыл алууну суранды.

Страсбург соту мигранттарды мүмкүнчүлүккө жараша тамак-аш, суу, кийим-кече, медициналык жардам же убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыздоону да талап кылды.

Беларус менен Польшанын чек арасындагы миграциялык кризис 2021-жылдын ноябрь айынын башында кескин күчөп кеткен болчу.

Декабрга карата ал жактагы качкындардын саны бир топ азайды. Чек ара тилкесинде чаржайыт тигилген лагерлер алынып салынды.

Беларус бийлиги мигранттардын бир бөлүгүн логистикалык борборго жайгаштырды. Келгендердин миңден ашууну Беларустан чыгып, кайра Иракка учуп кеткени кабарланды. Азыркы мезгилде Беларустун аймагында канча мгирант калганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG