Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:22

Башкыр активисти Руслан Габбасов Литвадан саясий башпаанек сурады


Руслан Габбасов. Архивдик сүрөт.
Руслан Габбасов. Архивдик сүрөт.

Башкыр активисти Руслан Габбасов Орусиядан Литвага көчүп кетип, ошол жактан саясий башпаанек сураганын 6-декабрда билдирди. Анын айтымында, буга орус бийлигинин кысымы негиз болду, анткени аны Орусияда тыюу салынган “Башкорт” деп аталган кыймылдын ишмердүүлүгү менен байланыштыруу аракети жүрүүдө.

“Мен Орусиядан ноябрдын башында кеткем. “Башкорт” уюмунун аты аталып жаткан кылмыш ишине байланыштуу анын мурдагы төрт мүчөсү камакка алынды” деген активист сентябрь айында Экстремизмге каршы борборго күбө катары суракка чакырылганын билдирди.

Габбасов өз өлкөсүндө бийликти сындаган акцияларга катышып келген активист катары белгилүү.

Буга чейин оппозиционер Алексей Навальныйдын Уфа шаары боюнча штабынын мурдагы башчысы Федор Телин да Орусиядан Грузияга чыгып кеткени маалым болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG