Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Баткенде жөнөкөй тартипте жарандык алууга 120дан ашык арыз түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунда жөнөкөй тартипте жарандык алуу үчүн жалпысынан 123 арыз түштү. Июль айынан бери беш адамга Кыргызстандын атуулдугу берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Өткөн айда Баткенде жөнөкөй тартипте жарандык алуу үчүн жазылган арыз-документтерди кабыл алган атайын жай ачылган.

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын июль айында этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жобосу тууралуу буйрукка кол койгон. Ага ылайык, документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган жана мындай норма 2022-жылдын аягына чейин иштейт.

Расмий маалыматка караганда, былтыр 1400гө жакын адам жарандык алган. Алардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзгөн.

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти Кыргызстандын аймагында өзүнүн тек-жайын тастыктаган документтери жок беш миңден ашуун этникалык кыргыз бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG