Бийликке ыктаган талапкерлердин үгүт маалындагы мыйзамсыз аракеттерине көңүл бурулбай калды деген айрым талапкерлер бийликке нааразы болууда.
Таластагы нааразычылык акциясы
Талас облусундагы №20 Манас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 30-ноябрда акцияга чыгышты. Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында митингге чыккандар бир мандаттуу жарышта талапкер Дастан Жумабековду добуш сатып алган деп айыптап, аны шайлоодон четтетүүнү талап кылышты. Нааразычылык акциясында ошол округдагы дагы бир талапкер Мирлан Назарбековдун тарапташы Тургунбай Эгембердиев эл алдында мындай деп сүйлөдү.
"Административдик ресурс колдонулган жок. Бирок, талапкер Дастан Жумабеков өтө ыплас сатып алууларга аракет кылды. Мен факты менен сүйлөйм. №6034 шайлоо участкасында Дастан Жумабековдун расмий катталган ишенимдүү адамы – Жамбыл Жайнаков деген жигит участканын түбүндө туруп алып бир баштык менен арак таратты. Ал видеого тартылды", - деди.
Жогорку Кеңештин депутаты, талапкер Дастан Жумабеков добуш сатып алуу боюнча айыптоолор тууралуу комментирий бере элек. Жумабековдун шайлоодогу өкүлү Кенжебек Ашыркул уулу айтылгандар куру доомат экенин белгиледи.
"Бул каршылашыбыздын каралоосу. Аларды жалган деп эсептейм. Элди экиге бөлгөнгө аракет кылып жатышат. БШКнын акыркы чечими кандай чыкса ошого жараша чечим кылабыз", - деди ал.
№20 Манас округунан алты талапкер шайлоого аттанган. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алынган алдын ала маалымат боюнча Дастан Жумабеков (39.43%) 13 миң 252, ал эми Мирлан Назарбеков (39.24%) 13 миң 190 добушка ээ болду.
Бийликчил талапкерге артыкчылык болдубу?
Бишкектин №27 Биринчи май округунан талапкер болгон Мавлян Аскарбеков үгүт өнөктүгүндө бийликке ыңгайлуу талапкерлерге артыкчылык берилип, алардын мыйзам бузууларына көз жумду мамиле болду дегендердин бири. Аскарбеков добуш сатып алуу болгонун айтууда.
"Жер-жерлерде бийликке жакын, бизнеске байланган, өз позициясын ачык айтып чыга албаган, бийликтеги чоң кызматтагы адамдар менен сүйлөшүп алгандар иш кылышты. Биз угуп жүргөн нерсени күч органдары кантип көрбөй калсын. Мисалы, Койчуманов деген Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер талапкер болду. Анын Биринчи май районуна эч кандай тиешеси жок. Эл менен жолуккан, дебатка чыккан эмес жана аны эч ким тааныбайт. Ал кандай иштеди? Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоодо жеңип чыккан партиялардын ар кандай топтору бар. Ал кылмыштуу топтун ичинде күч органдарынан баштап, үй башчылары дагы бар. Ошолор менен сүйлөшүп добуш сатып алды", - деди Аскарбеков.
Аскарбеков №27 Биринчи май округунан “баарына каршы” добуш көп болгонун БШКнын күнөөсү деп эсептейт. Анын айтымында, Ленин районундагы 30 миңдей шайлоочуну Биринчи май округуна кошуп, ал аймактагы талапкерлерди эл тааныбай тургандай шарт түзүлүп калды.
Аскарбеков айыптап жаткан Мээримбек Койчуманов менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. №27 Биринчи май округунан автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алынган алдын ала маалымат боюнча Аскарбеков (9.83%) 3 512, Койчуманов (11.88%) 4 243 добуш чогулткан. Бирок, баарына каршылардын добушу (32.92%) 11 758 болгондуктан, кайра шайлоо өткөрүлөрү маалымдалды.
Ачкачылык кармаган талапкердин өкүлү
№16 Ноокен округунан депутаттыкка талапкер Акылбек Арстанбековдун Боршайкомдогу өкүлү, укук коргоочу Анвар Сартаев шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп ачкачылык жарыялады. Ал ушул эле округдан талапкерлигин койгон “Бактыбек Сыдыков добуш сатып алып жатат” билдирип чыкты. Бул боюнча БШКга 23-ноябрда арыз бергенин, бирок чара көрүлбөгөнүн белгиледи. Сартаев 30-ноябрда Акыйткатчы институтуна барып ачкачылык жарыялаган.
“Көп киши мага чалып “жашың өтүп калды, ачкачылыкты токтот” деп атат. Мен азырынча ачкачылык кармап атам. Эгерде Акыйткатчы институтунун аппараты суранса, көрөм. Анткени азыр жарык болгондуктан, мен институттун имаратына кире алам. Бул жак кечинде жабылат да”.
Кечинде Сартаев ачкачылыгын токтоткону кабарланды. №16 Ноокен округунан шайлоого төрт талапкер ат салышкан. Автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алынган алдын ала маалымат боюнча Бактыбек Сыдыков 20 989 (55.10%), экинчиде Акылбек Арстанбеков 10 274 (26.97%) добуш алды. Сыдыков окуя боюнча комментарий бере элек.
Президентке айтылган сын-пикир
Оппозициялык маанайдагы айрым саясий партиялар үгүт маалында бийликке ылым санаган талапкерлер тымызын добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуп жатканын айтып чыгышкан.
“Азаттык” партиясынан талапкер Бакыт Калмаматов административдик ресурс колдонуу боюнча президент Садыр Жапаровду кескин сындады.
“Президент өзү айтты “административдик ресурс колдонулбайт” деп. Кийин өзү чыгып алып мени, Текебаевди, Мадумаровду, Бекешевди сокту. Кыргызстанда административдик ресурстун башы - Садыр Жапаров. Өзү президент башы менен шайлоого киришип, көрүнгөнүбүздү шыбап жүрдү”, - деди Калмаматов.
30-ноябрда шайлоого катышкан айрым партиялардын маалымат жыйыны өттү. Ага бийлик өкүлү катары Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов катышты. Жыйында “Улуттар биримдиги” партиясынан талапкер Артур Медетбеков мындай суроону кабыргасынан койду.
“Шайлоонун башталышында эле бийликтин төрт партиясы бир нече жолу добуш сатып алуу жөнүндө кармалды. Кармалып аларга эскертүү берилди. Бирок, бийлик тарабынан эч кандай реакция болгон жок. Ошондо кылмыш ишин козгоп, четтетип койгондо мындай чатак болмок эмес. Эмне үчүн четтеткен жоксуңар?”.
Медетбековдун суроосуна Иманкулов минтип жооп берди.
“Ар бир фактыга укук коргоо органдары реакция кылып жатты. Укук коргоо органдары азыркыга чейин тергөө жүргүзүп жатат. Шайлоо күнү дагы арыздар түштү. Тергөө аягына чыга элек”.
Буга чейин Иманкулов нааразы болгон талапкерлерге жооп берип, бийлик шайлоону өткөрүүгө бардык аракетин кылганын билдирген болчу.
Президент Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” расмий баракчасына билдирүү таратып, бийлик шайлоого да, Боршайкомдун ишине да кийлигишпегенин, БШК тараптан да добуштарды бурмалоо болбогонун жана бурмаланбай турганын билдирди.
28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, калган 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Ушул күндөрү Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди кол менен санап жатат. Боршайком бул үчүн эки-үч күн кетерин билдирди.