Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Азери-армян кагылышы Москванын көмөгү менен токтоду


Армения-Азербайжан чек арасы
Армения-Азербайжан чек арасы

16-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен азери-армян чек арасында ок атышууну токтотуу келишимине жетишилгени кабарланган. Эртеси Армения соңку кагылышуулардан кийин кеминде бир жоокер каза тапканын, ондогон жоокери туткундалганын билдирди. Ал эми Азербайжан жети аскери окко учканын маалымдап жатат.

Армениянын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө айтылгандай, кагылышууда кеминде бир жоокер каза тапты, 13 аскер азери куралдуу күчтөрү тарабынан туткундалды, дагы 24ү дайынсыз. Алардын тагдыры тууралуу маалымат жок. Буга чейин армениялык 15 аскер окко учканы кабарланган.

Тараптар соңку куралдуу тирешти баштаганы үчүн бири-бирин айыптап чыгышты. 16-ноябрдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян мындай билдирүү жасады:

Николь Пашинян Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Николь Пашинян Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

"Азербайжан жана өнөктөш күчтөр биздин суверендүүлүктү, Армениянын көз карандысыздыгын бутага алууда. Азербайжан белгиленген чектерди урматтабай, агрессор өлкөгө айланды. Алар армян аймагына кирип келген аскерлерин токтоосуз алып чыгууга тийиш".

Армениянын Коргоо министрлиги азери аскерлери алардын чек арадагы позицияларын артиллериядан аткылаганын, оор техниканы, кадимки куралды колдонгонун билдирди.

Ал эми Азербайжандын Куралдуу күчтөрү жети аскери окко учканын, ону жараат алганын, Калбажар жана Лачин райондорундагы чек ара аймагында армян армиясынын “масштабдуу чагымынын” алдын алганын жарыялады. Түркиянын "Анадолу" маалымат агенттиги азери коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Анар Эйвазовдун сөзүн жазып чыкты:

"Армян аскерлери түрдүү калибрдеги курал-жарак колдонуу менен биздин армиянын позицияларына чабуул коюшту. Биздин аскерлер адекваттуу жооп кайтарды. Армян күчтөрү мамлекеттик чек ара тараптагы дөңсөөлөрдү басып алуу үчүн аскердик операция баштаган".

16-ноябрда кечинде Орусиянын Коргоо министрлиги Москванын арачылыгы менен азери-армян чек арасындагы кармаштар токтогонун билдирген. Маалыматка караганда, министр Сергей Шойгу эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин башчылары менен телефондон сүйлөшүп, кырдаалдын чыңалуусуна алып келген аракеттерге барбоого чакырды.

Ага чейин Ереван Орусия менен 1997-жылы түзүлгөн келишимге таянып Москвадан суверендүү аймагын коргоону суранганы маалымдалган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян кеп аскердик көмөк тууралуу жүргөнүн белгиледи.

Өз кезегинде Кремль президент Владимир Путин менен Пашинян чек арада болгон окуялардан кийин түзүлгөн кырдаалды талкуулаганы тууралуу маалымат таратты.

Ал ортодо Армениянын Тышкы иштер министрлиги Орусияга, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөлөрүнө, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Минск тобуна кайрылып, азери аскердик бөлүктөрүн армян аймагынан чыгарууга жардамдашууга чакырганы кабарланган.

Азербайжандык аскерлер. Тоолуу Карабак. 24-ноябрь, 2020-жыл
Азербайжандык аскерлер. Тоолуу Карабак. 24-ноябрь, 2020-жыл

Түштүк Кавказдагы эки коңшунун мамилеси былтыр күзүндө болгон 44 күндүк согуштан бери чыңалган бойдон калууда. Тоолуу Карабак анклавынын айынан тутанган куралдуу жаңжалда кеминде алты жарым миң киши каза болгон. Согуш Москванын ортомчулугу менен тараптар келишим түзгөндөн кийин токтогон. Документке ылайык, Азербайжан Тоолуу Карабак аймагынын бир топ бөлүгүн өз көзөмөлүнө кайтарып алган. Орусиянын бейпилдик күчтөрү анклавга жана эки өлкөнү байланыштырган Лачин коридоруна жайгаштырылган.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы катары тааныганы менен, ал жерди 1990-жылдардын башынан тарта жикчил армяндар көзөмөлдөп келген.

17-ноябрда АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Армения-Азербайжан чек арасындагы салгылашуулар тууралуу кабарларга тынчсызданарын "Твиттер" аркылуу билдирди. Блинкен тараптарды “бардык маселелерди түз жана конструктивдүү жол менен, анын ичинде чек араны демаркациялоо аркылуу чечүүгө” чакырды.

Шейшембиде Европа биримдиги да эки өлкөнү карманууга, кырдаалды андан ары курчутпоого чакырды.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель кырдаалды “олуттуу” деп сыпаттап, ок атууну токтотууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG