Мурда белгиленген 100 миллиард долларлык каражат бөлүү тууралуу макулдашуу болгон жок. Айрым өлкөлөр бул багытта жакыр мамлекеттерге бере турган каражаттын суммасын жарыялады. Ага ылайык АКШ 2024-жылга чейин 11,4 млрд. доллар берет, анын 3 млрд. доллары климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашууга багытталат. Британия 11,6 млрд. долларды 2020-2025-жылдар аралыгында берет, Канада да ушул мезгил ичинде 5,2 млрд., Жапония 10 млрд., Испания 2025-жылга чейин 1,55 млрд. доллар каражат бөлөт. Климаттык активисттер мындай чечимге нааразы болушуп, саммит өткөн имараттын сыртында жана ичинде акцияга чыгышты.
Акциялар менен коштолгон COP-26 саммити аяктады

1
Эл аралык экологиялык активисттердин эсеби боюнча жаратылышка байланыштуу оор абалдан улам дүйнөдө бир мүнөттө 41 киши каза болууда.

2
Активисттер COP-26 жыйыны өтүп жаткан имараттын сыртында күнү-түнү акцияга чыгышты. Алар климаттык адилеттүүлүктү талап кылышты.

3
БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу саммити ондогон жылдардан бери өтүп келе жатат. 2020-жылы пандемиядан улам Глазгодо өтө турган саммит бир жылга артка жылган. Активисттердин арасынан майыптыгы бар адамдарды, кары-картаңдарды да көрсө болот.

4
Климаттык адилеттүүлүктү көбүн эсе жаштар, түптүү элдин өкүлдөрү, балдар талап кылып чыгууда. Глазгодо 6-7-ноябрда атактуу өспүрүм активист Грета Тунбергдин катышуусу менен 10 миңдеген адам демонстрацияга чыкты.

5
Саммитке болжол менен 40 миңге чукул делегат катышты, каршылык акциясы имараттын ичинде да уланып, активисттерге ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

6
COP-26нын катышуучулары чечим чыгарган 13-ноябрда Глазгонун көчөлөрүндө кайрадан эл толкуду. Дүйнө лидерлери мурда айтылып жаткан 100 миллиард долларлык каражат бөлүү маселесин талкуулоону кийинкиге калтырышты.

7
Саммиттеги лидерлердин чечимине нааразы жаштар.

8
Кыргызстандан жаштардын атынан бир гана өкүл бул иш-чарага катышты. Ал - кыргыз студенттеринин Жашыл кыймыл бирикмесинин директору Омар Дайыров. Жыйындын соңку күндөрүндө Дайыров сөз сүйлөп, байгер мамлекеттер климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга бөлө турган каражаттан Кыргызстанга да берүүнү өтүндү. Ал эми бейөкмөт уюмдардын атынан БИОМ кыймылынын өкүлү Зоя Кретова катышты.

9
Каршылык акциясына чыккан жаш эне.

10

11
COP-26 саммитиндеги Борбор Азия павильону. Анда "Азаттык" тарткан мөңгүлөр тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

12
Саммитке каршылык көрсөткөндөрдүн арасында исскуство адамдары өтө көп, алар көркөм өнөр аркылуу планетаны сактап калууну көздөшөт.

13
Климаттык адилеттүүлүктү талап кылган акция. Кургакчылыктын айынан Индия, Африка, Азияда миңдеген дыйкандар түшүмдөн кол жууп, айрымдары суицидге барган.

14
Саммиттин катышуучулары Шотландиянын Лок-Ломон улуттук паркында.

15
Глазгодогу көчө музыканттарынын каршылык акциясы.

16
Эксперттер COP-26 саммити "өз максатына жетпей калды" деп баалап жатышат.