Бишкектеги бак-даракты баккан аялдар
Бишкектеги Ботаникалык бактын оранжереясынын курулганына 74 жыл болду. Азыр мында Кыргызстандын флорасында кездешпеген тропикалык жана субтропикалык экзотикалык өсүмдүктөрдүн 500гө жакын түрү өсөт. Оранжереяда 30-50 жылдан бери иштеп келаткан саналуу гана илимий кызматкерлер калган. Айлыктын тартыштыгы, шарттардын жоктугунан жаш илимпоздор дээрлик ишке келбейт.