Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:45

Президенттин туугандары саясий иштерге аралашты деген маалыматка түшүндүрмө берилди


Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. 10-июль, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. 10-июль, 2021-жыл.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын жакын туугандары шайлоо жараянына таасир этип жатат деген маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Ал президент Садыр Жапаров өзүнүн жакын туугандарынын эч кимисине кайсыл бир саясий процесстерге аралашуусуна жана аларга таасир этүүсүнө жол бербей турганын белгилеген.

"Социалдык түйүндөрдө, президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова саясий партиялардын бирин каржылайт имиш жана шайлоо жараянына таасир этүүгө аракет кылууда деген маалымат жалган. Мамлекет башчынын туугандарынын саясий жана мамлекеттик иштерге аралашуусу боюнча туруктуу позициясын биз бир нече жолу белгилегенбиз", - деди Султанбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сентябрдын башында президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам саясатка аралашып, талапкерлер менен жолугушууларды уюштуруп жатканын айтып чыккан. Эл өкүлү бул тууралуу өзүнүн Telegram каналында маалымдап, мамлекет башчыга баласын тыюуну сунуштаган.

Президент Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралаштырбоо тууралуу позициясы өзгөрбөй турганын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия талапкер катталган. Бир мандаттуу округдардан 310дон ашуун талапкер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG