Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:47

БШК шайлоого аттанган саясий партиялар менен меморандумга кол койду


Бүгүн, 5-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы менен парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, кол коюуга Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова, шайлоону өткөрүү, даярдоо боюнча республикалык штабдын төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, каттоодон өткөн 21 саясий партиянын лидерлери же өкүлдөрү, эл аралык жана коомдук байкоочулар, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Саясий партиялардын ортосунда меморандумга кол коюу эл аралык стандарттарга ылайык, демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Конституциянын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттендирүүчү келишим. Документке кол коюу менен партиялар өздөрүнө мыйзамда көрсөтүлбөгөн нерселерди жасабоого милдеттенме алышат.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG