Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:34

Алматы шаары "кызыл зонадан" чыкты


Алматыдагы эмдөө пункту
Алматыдагы эмдөө пункту

Казакстандын Алматы шаары төрт айдан кийин "кызыл зонадан" чыкты. Бул - калаада коронавирус инфекциясына байланышкан эпидемиологиялык кырдаал жакшырды дегенди билдирет. Баш калаа Нур-Султан жана 4 облус "кызыл зонадан" чыга элек.

Соңку жумада Алматыда суткасына COVID-19 илдетине чалдыккан 300дөй киши катталып турду. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги “сары зонага” өткөндөн кийин карантиндик чараларды эки жумадан кийин гана жумшартса болорун эскертти.

Пандемия башталган былтыркы марттан бери кошуна өлкөдө COVID-19дун учурлары 930 миңден ашты.

23-октябрда коронавирустан 20 бейтап, өпкөнүн сезгенүүсүнөн (пневмония) 4 киши өлгөнү катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы күндөрдө илдеттин жайылуусу басаңдады. 19 миллион калкы бар өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын 8,1 миллион киши алды, 7,3 миллион киши толук эмделди.

XS
SM
MD
LG