Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:34

Казакстанда оппозициячыл активисттерге басым күчөдү


Орол шаарындагы активисттердин кезектеги акциясы. Оң четте турганы Амангелди Орозбаев. 11-июнь, 2021-жыл.
Орол шаарындагы активисттердин кезектеги акциясы. Оң четте турганы Амангелди Орозбаев. 11-июнь, 2021-жыл.

Казакстанда 23-октябрда оппозиция уюштурууну көздөп жаткан каршылык акциялардын алдында Орол шаарындагы активисттерге басым күч алды.

22-октябрда Орол шаардык соту Амангелди Орозбаевди өткөн айда уруксатсыз митинг өткөрүү менен «тынч демонстрациялар боюнча мыйзамды бузду» деген айыпка жыгып, 20 суткага камоо чечимин чыгарды.

Орозбаев өзү дооматтарды четке кагып, Казакстандын ар бир жараны коомдук иш-чараларды өткөрүп, өз оюн ачык билдирүүгө конституциялык укугу бар экенин билдирди.

Ошол эле шаардагы дагы бир активист Бекболот Отебеков аны дарыгерлер саламаттыгынын жакшы экенине карабай ооруканага жаткырганга аракет кылышканын «Азаттыктын» казак кызматына айтып берген.

Ал эми укук коргоочу Маруа Эскендированын айтымында, үйүнүн жанында бир нече саат машине токтоп турган.

21-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү «мыйзамсыз жыйындарга чогулуунун» юридикалык кесепеттери тууралуу эскерткен.

23-октябрдагы митингдерди Францияда бозгунда жүргөн казакстандык банкир, бийликтин сынчысы Мухтар Аблязов уюштуруп жатат.

2018-жылы казак бийлиги Аблязовдун «Казакстандын демократиялык тандоосу» партиясын экстремисттик уюмдардын тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG