Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:32

Кабо-Верде бийлиги Мадуронун чабарманын АКШга өткөрүп берди


Алекс Сааб
Алекс Сааб

Африкадагы Кабо-Верде республикасынын бийлиги Венесуэланын жараны, ишкер Алекс Саабды АКШга өткөрүп берди. Ал Венесуэланын президенти Николас Мадуронун режиминин кызыкчылыгы үчүн акча адалдоого айыпталган.

Сааб Мадуронун атайын чабарманы макамына ээ. Вашингтон Мадурону мамлекеттин легитимдүү башчысы деп эсептебейт.

Саабдын экстрадициясы тууралуу 16-октябрда Кабо-Верде радиосу кабарлады. Ал АКШга өткөрүлүшү мүмкүндүгү тууралуу чечимди сентябрда өлкөнүн Конституциялык соту чыгарган.

Ишкер былтыр июнда Кабо-Вердедеги Сал аралынын аэропортунда АКШ берген эл аралык ордерден улам кармалган. Венесуэладан Иранга бараткан учак анда май куюу үчүн Сал аралына конгон эле.

Венесуэла бийлиги Саабдын дипломатиялык статусун көрсөтүп, каршылык билдирген. Бирок Кабо-Верде соту аны канаттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG