Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:42

Тоолуу Карабакта бир аскер окко учуп, алтоо жараат алды


Тоолуу Карабак аймагындагы былтыркы согушта курман болгондордун сөөктөрүнүн калдыктарын издөө аракети, 23-июль 2021-жыл.
Тоолуу Карабак аймагындагы былтыркы согушта курман болгондордун сөөктөрүнүн калдыктарын издөө аракети, 23-июль 2021-жыл.

14-октябрдын кечинде Тоолуу Карабактагы атышуудан Азербайжандын бир аскери окко учуп, алты армян жоокери жараат алды. Азербайжандын Коргоо министрлиги жоокер армян снайперинин огунан мерт болгонун билдирди.

Армян күчтөрү анын өлүмүнө жоопкерчилик алуудан баш тартып, бейшемби күнү кечинде болгон окуядан Карабактын чыгышындагы тозотто иштеген алты аскери жараат алганын маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө азери тарап орусиялык бейпилдик күчтөрүнүн ок атышпоо келишими бузулганы тууралуу эскертүүсүн көз жаздымда калтырганы айтылган.

Тоолуу Карабактагы расмий жетекчи Артак Беглариан атышуу ортодогу "байланыш линиясынын" бир нече аймагында чыкканын, кырдаал турукташканын жумага караган түнү билдирди.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабак аймагын Азербайжандын бир бөлүгү деп эсептейт. Бирок бул аймак 1990-жылдарын башындагы жикчил согуштан бери армян күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп келген.

Былтыр Азербайжан менен Ереван колдогон армян күчтөрүнүн ортосунда бир нече миң адамдын өмүрүн алган согуш тутанган. Ал Орусиянын арачылыгы аркылуу кол коюлган тынчтык келишими менен аяктаган. Анын натыйжасында Тоолуу Карабактагы бир топ аймак жана анын айланасындагы иш жүзүндө армян күчтөрү көзөмөлдөгөн райондор Азербайжандын карамагына өткөн. Андан бери ок атышпоо келишими бир нече жолу бузулганы кабарланды.

14-октябрда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери бир ай ичинде экинчи жолу Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров ортомчулук кылган сүйлөшүүлөргө катышты.

XS
SM
MD
LG