Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Министрлер кабинети миллиарддарды кайдан табат?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети быйыл бюджетти 280 миллиард сом менен жаап, кийинки жылы 400 миллиард сомго көбөйтө турганын жарыялады. Жыл сайын тартыштык менен аткарылган бюджет жакынкы жылдары дароо көбөйүп, секирик болоруна экономисттер ишенбей турат.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жаңы төрагасы Акылбек Жапаров “бюджетти көбөйтөм” деп убада бергенин билдирип, анын талапкерлигин көрсөтүүнүн бирден-бир себеби катары атады.

Акылбек Жапаров өзү да Жогорку Кеңеште бюджетти кескин көбөйтүп, 2024-жылга чейин 600 миллиард сомго жеткирүү убадасын берди.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Садыр Нургожоевич бизге конкреттүү милдеттенмелерди койду. Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүн жогорулатуу үчүн кечиктирилгис чараларды көрүү. Жергиликтүү жана республикалык бюджет, Социалдык фонддун бюджети, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддун бюджети бул - бүтүндөй бир системаны камтыган мыйзамдар. Биз бюджеттин ресурстук бөлүгүн жыл аягына чейин 280 миллиард сом менен аяктайбыз деп ойлоп жатабыз. Президенттин тапшырмасы - бюджетти 2022-жылы 400 миллиард сомго, 2023-жылы 500 миллиард сомго, 2024-жылы 600 миллиард сомго жеткирүү. Бул биздин ички дүң өнүм менен тең болот”.

Акылбек Жапаров бюджетти толтуруунун негизги булагы катары көмүскө экономикадагы каражатты алып чыгып, бажы менен салыктан көбүрөөк акча чогултууну атады.

2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 миллиард 891 миллион сом, ал эми чыгашасы 181 миллиард 354 миллион сом болот деп белгиленген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сом.

Быйыл кирешенин негизги бөлүгүн берген Салык кызматынан 90 миллиардга жакын сом, ал эми Бажы кызматынан 52 миллиард 384 миллион сом түшөт деп мерчемделген. Тогуз айдын жыйынтыгы менен Салык кызматы пландалгандан 3 миллиард сом көп каражат топтосо, Бажыда 2,5 миллиард сомдой артка кетүү бар.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов өлкөдө дүркүрөп иштеген ишканалар салынбагандан кийин ага кошул-ташыл пандемиядан улам чек аралар толук ачылбай турганда жыл аягына чейин бюджет 280 миллиард сомго жетерине ишенбейт.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

“Бюджетти быйыл 280 миллиард сомго жеткиребиз деген бул фантастика. Булар азыр Улуттук банктын 2,5 миллиард сом кирешесин алдын-ала эле алып алып тартыштыкты жаап жатышат. Ушундай кырдаалда 280 миллиард сомду кайдан алып чыгышты. Биз Кумтөрдөн 20 тонна алтын казып алып, өндүрүш чыгымын кошпой эсептегенде да 85-90 миллиард сомдун тегерегинде акча түшөт. Муну кошуп эсептегенде да 280 миллиард сомго чыкпайт”.

Экономисттер Акылбек Жапаровдун "Консолидацияланган бюджет" деген сөзүнө маани берип жатышат. Консолидацияланган бюджет - жөнөкөй тил менен айтканда жалпы, бириктирилген бюджет дегенди түшүндүрөт.

2021-жылга Социалдык фонд 62 миллиард 496 миллион сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2 миллиард 700 миллион сом план койгон. Бишкек шаарынын бюджети 10 миллиард сомдон ашат, экинчи ири шаар Оштун бюджети 1 миллиард сомго чукул.

Министрлер кабинети быйыл кабыл алынган 172 миллиард 891 миллион сом республикалык бюджетке ушул каражатты да кошуп эсептеп, жылды жыйынтыктаганы жатат.

“Консолидацияланган бюджет деген кооз сөз болгону менен анын чечмелениши жөнөкөй эле. Эл муну бириккен бюджет деп түшүнүшү керек. Бардык каражатты кошуп туруп “бюджет 400-600 миллиард сомго жетет” деп божомол менен көрсөтүп жатат. Бирок кайсы каражат түшөт, каяктан каражат келет депутаттар такташ керек болчу”, - деди экономист Кайрат Итибаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев бюджет жыл сайын тартыштык менен аткарылып, чыгаша менен жыйынтыкталып жатканда мындай дымактуу пландар аткараларына көзү жетпейт.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Акылбек Үсөнбекович "сүрөт тартуу" боюнча чоң уста. Анын сөзүн жүз жолу текшериш керек. Бажы кызматы Кытайдан келген товардан ай сайын 5-6 миллиард сом пайда тапчу. Бир жылдан бери Кытайдан товар деле келбей 45-46 миллиард сом түшпөй калды. Аны каяктан табышат белгисиз. Экинчиден, Кыргызстанга акыркы жылдары чет жактан чоң грант, насыя келген жок. Бирок турмуш уланып жатат. Булар анда чыгашаны азайтып, социалдык мекемелерди, мектептерди курууну токтотушту. Анда бир аз каражат сарптаса болот”.

Министрлер кабинетинин жаңы төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын республикалык бюджетинин долбооруна өзгөртүүлөр киргизилерин айтты. Анын сөзүнө караганда, Бажыдан чогулат делген 50 миллиард сомдун ордуна 100 миллиард сом, ал эми салыктан түшөт делген 103 миллиард сом 150 миллиард сомго чейин көбөйтүлөт. Ошентип, өкмөт кийинки жылдын бюджетине 20 милилард сомду салыктык эмес төлмдөрдөн, дагы 100 миллиард сомду Бажы менен Салык кызматынан чогултууну көздөп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Министрлер кабинети бюджетти эселеп көбөйтүү боюнча чоң жоопкерчилик алганын айтты.

“Кыргызстандын бюджети болжол менен 2 миллиард доллар болсо сиз бир жылда (ред: Акылбек Жапаров) болжол менен 5 миллиард долларга чыгарам дедиңиз. Бул өтө чоң чакырык. Мен ушул ишке ашсын деп ийгилик каалайм. Эгерде силер ушул айткандарды ишке ашырсаңар ички дүң өнүм 100 миллиард сомго чыгат экен. ИДӨ киши башына 3000 долларга чейин өсөт экен”.

Жыйынтыгында, Жогорку Кеңеш 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берди.

Президент Садыр Жапаров ушул эле күнү Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындаган бир катар жарлыкка кол койду. Ага ылайык айрым жетекчилер мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, айрымдары жаңы дайындалды.

XS
SM
MD
LG