Нобелдин Тынчтык сыйлыгын журналисттер алды
"Октябрь окуяларына" байланыштуу соттук ишти кароо башталды. Анын алкагында экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-министр Курсан Асанов, саясатчы Жеңиш Молдокматов жана башкалар айыпталууда. Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар тарых жаратууда. Өзгөчө балбан кыздардын ийгилигин жалпы журт баалап жатат. 5 күндө кыргыз балбандары 5 медаль - 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло утушту. Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл орусиялык "Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды. Бул аларга "сөз эркиндигин коргоого кошкон аракети үчүн" тапшырылды.
Чыгарылыштар
-
Январь 09, 2025
Армения Евробиримдикке кадам таштады, Кремл эмне дейт?
-
Январь 08, 2025
Газа: Израил армиясынын чабуулу, туткундарды бошотуу талабы
-
Январь 07, 2025
Чикаго: Кыргызстандык жаран киши колдуу болду
-
Январь 06, 2025
Сирия: Тажикстандык жихадчы Тажибаев жогорку кызматка дайындалды
-
Январь 03, 2025
Газа: Израил армиясынын соккусунан 67 кишинин өмүрү кыйылды