Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

OCCRP: “Пандора кагаздарында” кыргызстандыктар да бар


"Пандора кагаздарына" байланыштуу алгачкы иликтөөлөр 3-октябрда жарыяланган.
"Пандора кагаздарына" байланыштуу алгачкы иликтөөлөр 3-октябрда жарыяланган.

Офшордук аймактардан алынган миллиондогон документтерди камтыган “Пандора кагаздарында” кыргызстандыктар да бар. Бул тууралуу документтерди иликтөөгө катышкан "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) улук редактору Илья Лозовский “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” программасына билдирди.

Илья Лозовский.
Илья Лозовский.

“Ооба, ал жакта бар. Мен жарыялана элек маалымат тууралуу сөз кыла албайм. Бул кызматташтыктын эрежеси. Бирок биз Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан боюнча дагы бир топ материалдарды даярдап жатканыбызды айта алам. Маалымат бар. Адамдардын аттары да бар. Алар расмийлер болбосо да кайсы бир деңгээлде суроо жараткан иштерге барган адамдар болушу мүмкүн”, - деди Лозовский.

Ал борбор азиялыктардын офшордук аймактар менен байланышы тууралуу иликтөөлөр алдыңкы жумаларда жарыялана турганын кошумчалады.

Купуя документтерди жарыялап жаткан Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун сайтындагы интерактивдүү карта дагы “Пандора кагаздарында” кыргызстандык кеминде бир саясатчы бар экенин көрсөтүүдө. Эл аралык журналисттердин “Панама кагаздары” сыяктуу буга чейинки иликтөөлөрүндө да айрым кыргыз жарандарынын аты чыккан болчу.

Офшордо иш алып барган 14 компаниянын 12 миллиондой документин дүйнөдөгү 150 медиа каражаттарынын 600дөй журналисти изилдеп чыгып, алгачкы иликтөөлөрүн 3-октябрда жарыялашты. Бул документтерде дүйнө жүзүндөгү 35 мурдагы жана азыркы лидерлердин, 300дөн ашуун саясатчынын, 130дай миллиардердин офшор менен байланышы тууралуу сөз болот.

Маселен, документтерге ылайык, Иорданиянын падышасы, Украинанын, Азербайжандын президенттери, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакын адамдары, Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш жана Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр сыяктуу таасирдүү фигуралар офшордук компаниялар менен жашыруун кызматташып келген.

XS
SM
MD
LG