Кыргызстанда чыныгы окуялардан алынган 10 сериялуу “Пандемия мууну” аттуу көркөм тасма тартылды. Анда өлкөдө коронавирус менен күрөшкөн түйшүктүү күндөр чагылдырылган.
Чыгармадагы баш каармандардын бири - Кундуз аттуу 11 жаштагы секелек кыз. Тасмадан анын бала чагын, ата-энесинин аргасыздан миграцияга кеткенин көрүүгө болот.
Тасманы жаратуучулар көрүүчүлөр пандемиянын оор кесепетин дал ушул 11 жаштагы кыздын көзү менен бергиси келген. Тасма Кундуздун кыжалат болуп, чоң турмушка кадам таштоодон коркуп турганы менен башталып, бала бойдон калгысы келген сезими сүрөттөлөт.
Кундуздун образын 11 жаштагы жаш актриса Айбийке Жанышбекова жараткан. Ал актерлук чеберчиликти учурда "Шайыр" ийриминде өздөштүрүүдө.
Айбийкенин апасы Светлана Козубекова тасманын жабык көрсөтүүсүнө катышып, чыныгы окуяларга таасирленип ыйлаганын айтты:
"Эл өз баасын берет. Киного тартылып жатканда кызымдын абалы оңой болгон жок. Ыйлай турган аянычтуу эпизоддору көп. Кино биздин азыркы жашообузду таамай сүрөттөгөн. Анткени биздин көптөгөн мекендештер сыртта жүрөт. Балдары болсо өлкөдө калган. Арасынан ар кандай кейиштүү күндөргө кабылгандары да бар".
“Пандемия мууну” быйыл март айында тартылып, үч ай ичинде даяр болгон.
Тасманын режиссёрлорунун бири Таберик Юсупова аны сериал деп аташканы менен он бөлүктө он башка каарман, он башка тагдыр чагылдырылганын айтты:
"Тасма пандемия тууралуу болгону менен анын кесепетинен көп көйгөйлөрдүн бети ачылганын көрсөтөт. Алардын ичинде экологияга мамиле, медицинанын абалы жана үй-бүлөдөгү зомбулук маселелери да бар. Карантинде биздин көмүскөдөгү жашообуздун сүртүмдөрү калкып чыкканы чындык. Биз тасмада көйгөйдү гана көрсөтпөстөн аны кандай жол менен чечүү жолун да сунуш кылганбыз".
“Пандемия муунундагы” дагы бир каарман – Мурат. Анын ролун актёр Адыл Болорбек уулу ойногон. Ал өз образынын коомчулукка сабак болчу сапаттарына токтолду.
"Мурат баарын күнөөлөйт, бирок өзүнүн бир да күнөөсүн моюнуна албайт. Жашоодо ушундай адамдар көп да. Көрүүчү тасмадагы каармандардан кандайдыр бир деңгээлде сабак алат да. Ошол эле учурда Мураттын жакшы сапаттары да бар. Ал өз энесинин айтканын уккан адам, анан да өз балдарын таштап кетпейт. Бизде балдарын таштап кеткен аталар көп эмеспи. Мен тасмада айрым жашоо чындыгын айкын чагылдыра алганы үчүн режиссёрго баа бердим".
2020-жылы пандемиянын алгачкы толкунунда эл ичинде коронавирус күч алып, өлүм көп катталган. Мына ушул маалда ыктыярчылар тыным билбей иштегени белгилүү. Социалдык тармакта алардын жардамга муктаждарды ооруканага жеткирип, дарыгерлерге тамак-аш ташып жүргөн учурлары байма-бай чыгып турган.
Тасмада ыктыярчылардын машакаттуу жашоосуна да орун берилген. Алардын бирин Жамиля Исакова ойногон. Бул анын дебюттук эмгеги.
“Пандемиядагы жоготуулар мага да оор тийди. Тасма алдында алгач тажрыйбам жок болгондуктан абдан толкунданып, кыйналдым. Тартуу иштери башталгандан кийин өзүмө келдим, анткени алдымда чоң жоопкерчилик бар экенин түшүндүм. Анан колдон келишинче аракет кылдым. Акыры жыйынтык жаман болбоду, мага баары жакты”.
"Айтыш-фильм" киностудиясынын жетекчиси, продюсер Фархад Бекманбетов коомчулукта болуп жаткан көрүнүштөрдү тасмага түшүрүү же болбосо чыгармачылыктын башка тармактарында чагылдыруу боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди:
"Дегеле биздин өлкөдө болуп жаткан социалдык көрүнүштөр улуттук кинолордо көп чагылдырылат. Бирок ошол эле учурда, менин жеке баамымымда, биз негативди көбүрөөк жайылтуудабыз. Бизде кинолордо болобу, клиптерде болобу, айтор, көп окуяларда кимдир бирөөнү машине уруп кеткен окуялар, боз үй тигип алып өкүрүк менен аза күтүп жаткан окуялар бар. Бул эми бир мисал эле. Милициябызды да көп учурда терс көрүнүштө көрөтүп койгондор бар. Мен тасмаларда позитивди көбүрөөк даңаза кылсак деп каалайт элем. Анткени кинонун тарбиялык мааниси чоң да. Жакшыны ашырып, жаманды жашыруу элибизде деле бар го".
“Пандемия мууну” USAID тарабынан каржыланып, "Кыргызстандагы Интерньюс" тарабынан ишке ашырылды.
Кыргызстанда 2020-жылы коронавирустан каза тапкандар көбөйгөн учур "кара июль" деген аталыш менен тарыхта калды.
Ошол кыйын күндөрдөгү бейтаптардын абалы, медицина кызматкерлеринин түйшүгү, ыктыярчылардын салымы тууралуу маданият ишмерлери буга чейин да бир катар эмгектерди жаратышкан.