Ыктыярчылардын ишин даңктаган сүрөтчү
Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев пандемия темасына арнап бир нече сүрөт тартты. Ал эмгектердин катарында каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованы жана ыйлап жатканы видеого түшүп калган София-Айдананы көрүүгө болот. "Кызыл зонада" иштеген дарыгерлердин түйшүгүн чагылдырган сүрөтчүнүн өнөрканасына баш бактык.