Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:24

Нур-Султан: Шинжаңдагы жакындарын боштонууну талап кылгандар Акыйкатчы менен жолугушту


Казакстан. Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган нааразылык акциясы. 13-сентябрь, 2021-жыл.
Казакстан. Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган нааразылык акциясы. 13-сентябрь, 2021-жыл.

Нур-Султан шаарында 4-октябрда Кытайдын Шинжаң аймагындагы түрмөлөрдө жана кайра тарбиялоо лагерлеринде отурган туугандарын бошотууну талап кылган жарандардын тобу Казакстандын Акыйкатчысы Элвира Азимова менен жолукту. Бул тууралуу акциянын катышуучуларынын бири Байболат Кунболатулы жолугушуудан чыгып баратып, "Азаттыктын" казак кызматына кабарлады.

"Биз Элвира Азимовага 4-5 жылдан бери Кытайдын элчилигинин алдына чогулуп, туугандарыбызды бошотуп, Казакстанга келишине мүмкүнчүлүк берүү боюнча даттанып келе жаткан арыз-арманыбызды айттык. Бизди элчиликтин алдына акцияга чыкканыбыз үчүн акчалай айыпка жыккан учурларды билдирдик. Биздин укугубузду коргоп, кармоолор менен айып тагууларды токтотууну талап кылдык. Ал бизди толугу менен угуп, бул маселе карала турганын айтты", - деди Кунболатулы.

Акыйкатчы бул маселе боюнча журналисттерге комментарий берген жок.

23-сентябрда Кытай элчилигинин алдында кезектеги нааразылык акциясы өткөн.Нур-Султандын административдик соту акциясына чыккандарга 1 млн. теңге айып салган.

Буга чейин Кытайдагы камактагы туугандардын бошотууну талап кылгандар Бээжиндин Алматыдагы консулдугунун жана Нур-Султандагы элчилигинин алдында бир нече акцияларды өткөрүшкөн. Айрым учурда алар имараттын алдында түнөп да калышчу. Акциянын катышуучуларын полиция бир нече жолу кармап, айып пул төлөөгө милдеттендирип, кээ бирлерин 10-15 суткага камаган да учурлар болгон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөйт.

XS
SM
MD
LG