Журналисттер жана медиа эксперттер жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча мыйзамдардын шашылыш өзгөртүлүшүнө каршы президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго жана юстиция министри Асел Чыныбаеванын атына кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" мыйзамдарды өзгөртүүнү жыл соңуна чейин эмес, мөөнөтүн узартып, кеңири талкуудан кийин гана кабыл алууну сунуштады.
Медиа өкүлдөрү ушу кезге чейин иштеп келген мыйзамдарды олуттуу өзгөртүү ачык жүрбөй, шашылыш аракеттер болгонунан кооптонуп жатат. Бийлик өкүлдөрү болсо, баары мыйзам чегинде экенин жана кооптонууга негиз жоктугун айтууда. Эксперттер бул мыйзамдарга киргизиле турган ар бир өзгөртүү терең анализденип, талкууланышы керектигин эскертти.
"Биздин ишти отуз жыл бою жакшы уюштуруп келген мыйзамдарды ушу маалда өзгөртүү канчалык зарыл эле? Маалыматтарды жаап-жашыруу же дагы ушул сыяктуу мыйзамдар менен кайра артка кетүүнүн зарылдыгы барбы? Азыр мындан башка да көйгөйлөр толтура. Экономикалык, социалдык, чек аралар маселеси чечилбей турганда, 359 мыйзамдын ичинен журналисттерге тиешелүү мыйзамды шашылыш алып чыгуу зарыл беле?",-дейт журналист Аскер Сакыбаева.
Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бирок сунуштар үчүн өтө кыска убакыт берилген.
Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, "Маалымат каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү" эки мыйзам бириктирилмекчи. Медиа өкүл Акмат Алагушов мыйзамдарды өзгөртүү аракетинде тобокелдиктер жана кооптоно турган жагдайлар бар деп эсептейт.
"Эмнегедир биздин кесипке тиешелүү мыйзамды дароо тегерек үстөлгө алып чыгып, талкууларды уюштуруп калышты. Биз бул мыйзамдарды мурда бир аз иштеп чыкканбыз, анализдерибиз бар болчу. Бирок, биздин эксперттер "бир аз эле өзгөртүү киргизсе болот" деген баасын берген. Ошондой болсо да өтө тез, чукул убакытта бул мыйзамды талкуудан өткөрүп бышырып салуу маселеси бар да. Мисалы, журналист деген аныктама журналисттер ишмердигин коргоо жөнүндө мыйзамда башка, ЖМК жөнүндө мыйзамда башкача берилип калган. Биз азыр шашпай ушундай маселелердин кайсы жерине өзгөртүү зарыл деген концепциясын тактоо керек. Антпесе биз кандай долбоор берсек да ал жактан башка өзгөртүүлөр менен кабыл алып салышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Ошондуктан убакыт берилсе, артык калбыз деп тыртык кылып албагандай болуп жакшы жагына жылгандай аракеттенишибиз керек".
Ушул жылдын 8-февралында учурда иштеп жаткан 359 мыйзамга инвентаризация жасоо боюнча президенттин жарлыгы чыгып, 10-мартта өкмөт тарабынан мекемелер аралык эксперттик топ дайындалган.
Алардын ичинде журналисттердин ишмердигине түз байланышкан “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жана “Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо”, “Теле жана радиоберүү жөнүндө”, “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамдар да бар.
Аталган мыйзамдарды баалап карап чыгуу иши жүрүп жатканын июнь айына чейин медиа өкүлдөрү кабардар болгон эмес. Кийин гана жумушчу топторго медиа эксперттер тартылып, пикирлерин айта баштаган. Юстиция министрлиги тарабынан 13-сентябрда шашылыш тегерек үстөл уюштурулуп, министрлик тарабынан жалданган эксперттер кыска мөөнөттө сунуштарды келтирүү боюнча пикирлерин айтышкан.
Мыйзамдарды баалоо шарттарында: "Баш мыйзамга каршы келиши, мыйзам ичиндеги карама-каршылыктар эске алынышы зарыл" деп белгиленген. Бирок ЖМКларга тиешеси бар мыйзамдарда андай деле олуттуу жагдайлар жок болчу дешти медиа адистер. Ага кошумча белгисиз жагдайда "Телеберүү жана радиоберүүлөр тууралуу" , "КТРК тууралуу" мыйзамдарга кандай шартта, кайсыл багытта өзгөртүү киргизүү боюнча аракеттер жүрүп жатканы да коомчулукка белгисиз калганы айтылды.
Мыйзамдарды баалоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын астындагы жумушчу топтун мүчөсү, "Медиа Полиси Институтунун" юристи Нурбек Сыдыков:
"Башта мыйзамга баалоо эле жүргүзүлгөн. Мыйзам Баш мыйзамга каршы келеби, ичинде карама-каршылыктар жокпу, жетишерликпи, кемчиликтери жокпу деген эле болгон. Анан эле шашылыш дароо так түзүмүн бергиле деп айтыла баштады. Бул мыйзамдар андай шашылыш жасаганга болбойт да. Журналисттер талкуулап, иликтеп, терең анализделип анан сунушталышы керек. Ар бир журналисттин пикири эске алынышы зарыл. Ага убакыт берилбей жатат. Ошондуктан убакыт берип, токтото туруу сунушу айтылды. Антпесек, ушул жааттын өкүлдөрү иликтеп өзгөртүү киргизбесек, бул жаатка тиешеси жок эле адамдар өзгөртүү киргизип салышы да мүмкүн".
Мыйзамдарга баалоо жүргүзүү үчүн мекемелер аралык эксперттик топтун ишин уюштуруучу, катчылык милдетти аткарып жаткан Юстиция министрлигинин өкүлдөрү медиа коомчулуктун дооматтарына макул эмес. Мыйзамдарды өзгөртүү үчүн иши чарлар ачык жана демократиялуу жүрүп жатат дейт министрликтин өкүлү Рыскелди Эсенбеков.
"Баары мыйзам чегинде жүрүп жатат. Президенттин буйругу чыккан, ошол боюнча иш жүрүүдө. Атайын топтордо журналисттер да тартылган. Аларды сунуштарын айткыла деп жатабыз. Ар бир ишти медиа тармактын өкүлдөрү менен талкуулап жасоо шарты бар. Демократиялык принциптер сакталган. Ар бир айтылган сунуштар эске алынат".
Ал эми медиа коомчулуктан ЖМК мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен бул жыйынга бир дагы өкүл келген жок.