Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:44

Бишкектин БУУдагы сунушу жана демилгеси


Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы.

Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында президент катары биринчи ирет видеокайрылуу жасады.

Ал Кыргызстан демократиялык жолдон тайбай турганын белгилеп, чөлкөмдөгү коопсуздук маселесине токтолду. Ооганстандан эвакуация болуп жаткан БУУнун мекемелерин Бишкекке жайгаштырууну сунуштады.

Президент Садыр Жапаров сөз башында Кыргызстан 30 жыл мурда багыт алган демократиялык жолдон тайбай турганын билдирип, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан бери бир жыл ичинде коомдун ишенимине ээ боло алганын белгиледи.

"Тарыхый ченемдер боюнча бул кыска убакытта демократиянын мамлекеттик өнүгүү модели катары калыптанышы жана күчтүү жарандык коом республиканын негизги жетишкендиги болуп эсептелет. Менимче, мындай баа берүүмө көпчүлүк макул болсо керек. Биз демократиялык жолдон кайтпайбыз деп ишендирип кетким келет. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы. Жакында өлкөнүн азыркы тарыхынын жаңы этабы башталган октябрь окуяларына бир жыл толот. Бир жыл ичинде биз коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жетишип, коомдун үмүтүнө жана ишеничине ээ боло алдык".

Жапаров БУУдагы сөзүндө быйылкы президенттик шайлоодогу добуш берүүгө эл аралык коомчулук оң баасын бергенине токтолуп, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын байкоочуларын чакырды.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров конституциялык реформаны демилгелеп, Кыргызстан парламенттик башкаруудан президенттик башкаруу формасына өттү.

Буга каршы чыккандар мамлекет авторитардык режимге кайтып, сөз эркиндиги, адам укуктары, демократиялык процесстер чектелет деген кооптонууларын билдирген.

Жарандык коомдун өкүлү, юрист Таттыбүбү Эргешбаева президенттин БУУдагы "демократиялык жолдон артка кайтпайбыз" деген сөзү иш менен дал келишин күтө турганын билдирди.

Таттыбүбү Эргешбаева
Таттыбүбү Эргешбаева

“Өлкө башчысы мындай сөздү айтканы жакшы. Эгер демократиялык, укуктук мамлекетти өнүктүрөбүз деген курсту кармаса, туура. Бирок буга чейин сөзүнө иши дал келбеген бир топ учур болгон. Мисалы, бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлгө алган мыйзамга, фейктер боюнча талаштуу мыйзамга кол койду. Бүгүнкү күнү кылмыш кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мунун баарын демократиядан артка чегинүү деп бааласак болот. Президенттин БУУдагы сөзүнөн кийин жарандык коом тууралуу позициясын кармоону күтөбүз”.

Кыргызстан президенттик башкарууга кайткандан бери президент Жапаров мурдагы бийликтердин тушунда кол коюлбай келген бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзамга жана фейктерге каршы делген “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” талаштуу мыйзамга кол койду.

Европа Биримдигинин өкүлдөрү расмий Бишкек менен 6-сентябрдагы жолугушуусунда бейөкмөт уюмдар, жалган маалыматтан коргоо мыйзамдары жана кылмыш кодекстерин өзгөртүүлөр боюнча тынчсыздануусун белгилеп, бул эл аралык конвенциядагы Кыргызстандын милдеттемелерине каршы келерин айтышкан.

Бишкектеги БААУнун окутуучусу, саясий серепчи Эмилбек Жороев кыргыз бийлигинин демократиялык баалуулуктарды сактап жатканын кыргызстандыктар жон териси менен сезиши керек деген пикирде.

“БУУнун жалпы жыйынында символикалык мааниси чоң сөздөр айтылат. Кыргызстандын президентинин, буга чейинки башчыларынын ал жакта айткан сөздөрү таң калтырбайт. Алдын ала белгилүү сөздөр айтылат көбүнчө. Президенттин демократиялык жолдон кайтпайбыз деген убадасы буга чейин деле айтылып келген. Демократиянын бекем турганын эл аралык коомчулук дагы, кыргыз эли дагы иш жүзүндө көрүшүбүз керек. Анткени "демократиялык жолдон кайтпайбыз" деп дүйнөдө ага караандабаган бийликтер да айта берет”.

Абийирсиз иневесторлор тууралуу

Президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан Кыргызстандагы чет өлкөлүк инвесторлор иштеткен кен байлыктар тууралуу маселени козгоду. Анын "абийирсиз инвесторлор" тууралуу айтканы ириде, кыргыз өкмөтү экологиялык доо коюп, тыштан башкаруу киргизген Кумтөр кенине багытталгандай.

“Тилекке каршы, Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү деңгээлде кам көрүү ордуна экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар. Улуттук мыйзамдарга ылайык, кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюуда. Ошону менен бирге маселен, зыяндуу калдыктарды коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыз кылуу, таштандылар менен калдыктарды зыянсыздандыруу сыяктуу иштерди өздөрү чечүүгө аргасыз болушууда”.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов президенттин абийирсиз инвесторлор тууралуу айтканы Кыргызстандын аудиториясына багытталганын, дүйнө коомчулугу бул маселеге өлкөнүн ички иши катары мамиле жасарын айтты.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

“БУУ дүйнөдөгү ири аянтча. Ал жерде президент жоопкерсиз инвесторлор экологиябызга чоң зыяндарды тийгизди деп айтты. Экология дүйнөдө орчундуу маселе, БУУга кирген чоң өлкөлөр, ар кандай топтор экологияны кандай сактайбыз деп көп маселени караткан. Ошондуктан Кумтөр маселеси дүйнө коомчулугу үчүн кызык эмес. Бул биздин инвестор менен алакабыз. Өзүбүздүн өкмөт келишимдерге кол коюп, революция болгон сайын мурдагы келишимдерди аткарабыз деп келдик”.

БУУга сунуш жана демилгелер

Президент Садыр Жапаров БУУнун ассамблеясындагы сөзүндө Ооганстандагы кырдаалдан улам жаралган чөлкөмдөгү коопсуздук маселесине дагы токтолду.

Ал кыргыз бийлиги 500 оогандык студентке университеттерде билим алууга мүмкүнчүлүк берүүгө жана Ооганстандагы Кичи-Памир, Чоң-Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жапаров Улуттар Уюмунун Ооганстандагы мекемелерин убактылуу Бишкекке жайгаштырууну сунуштады.

“Ооганстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу биздин тынчсыздануубузду белгилебей коюуга болбойт. Биз 500 оогандык студентке биздин университеттерде билим алуусуна мүмкүнчүлүк беребиз, муктаж болгондорго, биринчи кезекте, Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтө алабыз. Ооганстандан БУУ мекемелерин эвакуациялоо иши жүрүп жатканын эске алып, Кыргызстан аларды Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунушайт. Буга байланыштуу, БУУнун Баш катчысынан биздин сунушка көңүл бурууну өтүнөм”.

Президент Садыр Жапаров БУУдагы сөзүндө Кыргызстанды 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө талапкерлигин жылдырды. 2022-жылы Борбордук Азия – БУУ саммитин өткөрүүнү сунуштап, 2022-жылды кайрадан Эл аралык тоолор жылы деп жарыялоону демилгеледи.

Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова президент Жапаровдун БУУнун Ооганстандагы эвакуация болуп жаткан кеңселерин Бишкекке убактылуу көчүрүп келүү сунушун жогорудагы демилгелерди жылдыруу үчүн баштапкы аракет катары баалады.

“Бул демилгелер абдан машакаттуу, көп ишти талап кылган ошол эле кезде мамлекеттин имиджине, эл аралык аброюна салым кошо турган демилге. Бирок талапкер гана болуп калбай мүчө болуп шайлануу үчүн Ооганстандагы оор кырдаалды четте карап турбай, БУУнун ал жактагы кеңселеринин айрымдарын Бишкекке көчүрүп келүү сунушун берди. Бул принцибинде жакшы сунуш, адамгерчиликке, эл аралык мыйзамдардын духуна туура келет”.

Анткен менен БУУнун Ооганстандагы кеңсесинде иштеген жүздөн ашык кызматкер өткөн айда Кабул "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) көзөмөлүнө өткөндөн кийин Казакстандын Алматы шаарына эвакуацияланган.

Бул жолу пандемия башталгандан бери биринчи жолу дүйнө лидерлеринин бир бөлүгү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесине чогулушту. Былтыр коронавирустан улам президент же премьер-министрлердин дээрлик баары алдын ала кайрылуу жөнөткөн.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG