Жаңылыктар | 21.09.2021 | Чек ара: талап-тоноого көмөктөшкөн деп айыпталгандар соттолду
Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну 8,5 жылдан 15 жылга чейин соттолду. Алар кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноодо коңшу мамлекеттин жарандарына жардам берген деп айыпталышкан. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков чет жакка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулду. Ал "300 миң доллар алды" деп айыпталып жаткан экс-депутаттын ишинин алкагында кармалган эле. Жакындары Шинжаңда камакта отурган казактар Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чогулду. Нааразылык акциясына чыккандар консулдуктун маңдайына чатыр тигүүгө аракеттеништи.
Чыгарылыштар
-
Март 11, 2025
"Ашказан ооруганда орозону абайлап кармоо керек"
-
Март 11, 2025
Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)
-
Март 04, 2025
Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)
-
Март 03, 2025
"Баладан мурун ата-энени окутуш керек"
-
Февраль 25, 2025
Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)
-
Февраль 18, 2025
Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)