Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

“Коопсуз шаарды” ишке ашыруучу “Вега” менен келишимди өзгөртүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан “Вега” компаниясы менен түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Бул маселе бүгүн 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда талкууланды.

Депутат Улукбек Ормонов “Веганы” ылдамдыкты өлчөө үчүн жол боюна коюлуучу көчмө аппараттардын жанына атайын эскертүүчү белги коюуга милдеттендирүү керектигин айтты:

“Келишимге өзгөртүү киргизиңиздер. Биз жаздан бери ошону суранып жатабыз. Комитеттин чечими бар. “Коопсуз шаар” керек. “Мына бул жерден катуу жүрсөң айыппул салынат” демейинче биз акырын жүрбөй калдык. Бул иш-чаралар тартипке чакыруу үчүн сөзсүз керек, бирок жөнөкөй маселени чечип койсоңуздар. Ушул “үч буттун” алдына камеранын алдына коюлгандай эле белги орнотулсун, болду”.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы ишке кирип, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видеокамералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Камералардын көбү устундарга илинген. Алардан тышкары үч буттуу атайын жабдыктын үстүнө орнотулуучу көчмө камералар да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG