Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Жолдошева милицияга чакырылып, сурак бербей чыкканын билдирди


Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева 16-сентябрда милицияга чакырылганын, бирок сурак бербей чыкканын билдирди. Ал "Азаттыкка" чакырууга айрым маданий кызматкерлеринин президентке жазган кайрылуусу себеп болгонун маалымдады.

"Мени саат 14:00гө чакырган. Кайрылуу президентке жазылган. Ошондуктан президенттин колу коюлган, андан ИИМдин жетекчилиги Улан Ниязалиевге келген, андан Тергөө кызматына тапшырма берилген документти көргөзгүлө деп талап кылдым. Экинчиден, Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталышы керек. Анда кайсы номерде, кайсы күнү саат канчада ачылган ошону көрсөтүүнү талап кылдым. Мыйзам боюнча ошондой болушу керек. Мен сурак берген жокмун, анткени алар ошондой катты көрсөтө алышкан жок", - деди Жолдошева.

Экс-депутат кайрылууну бурмалаган жана жасаган тарапты аныктап, жоопко тартууну, президенттин администрация башчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун, ИИМ жетекчиси Улан Ниязалиевдин, ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчи орун басары Нурдин Эшимкан уулунун кызматтан кетишин талап кыларын билдирди.

ЭлТР "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген материалды 14-сентябрда көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун жана мазмуну өзгөргөнүн билдирип чыгышкан.

Ушундан кийин 15-сентябрда депутаттар жана саясатчылар Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев жана Канатбек Исаев ИИМде суракта болушту. Алар маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген катка байланыштуу суроолорго жооп бергенин билдиришти.

Сурак берген саясатчылардын дээрлик баары ИИМдин аракетин куру доомат катары сыпаттап жатышат. Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков кайрылууга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анда маданий кызматкерлеринин колу коюлган кайрылуунун артында ким турганын аныктап, мыйзам негизинде жаза тартуу талабы коюлган.

Ички иштер министрлиги сурак боюнча 15-сентябрда гана расмий маалымат берди. Анда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде ("Бийликти күч менен басып алуу") көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатканы айтылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG