Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга барат


Президент Садыр Жапаровдун 28-июндагы иш сапары. Аны Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алган эле.
Президент Садыр Жапаровдун 28-июндагы иш сапары. Аны Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алган эле.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө 16-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтөт. Тажик президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтө турган жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышат.

Бул тууралуу маалымат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. Анда ЖККУга кирген өлкөлөрдүн президенттери Александр Лукашенко (Белорус), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Владимир Путин (Орусия), Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана уюмдун баш катчысы Станислав Зась катышары белгиленген.

Маалыматка караганда, мамлекет башчылары эл аралык жана аймактагы коопсуздук, уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын талкуулашат. Жыйынтыгында 15ке жакын декларацияга кол коюлат.

Кыргыз президентинин администрациясы Садыр Жапаровдун Дүйшөмбү сапарын расмий ырастай элек.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен 28-29-июнда Тажикстанга барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG