Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Шайлоо-2021: биригүүгө кадам таштаган партиялар


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышуу үчүн кеминде 27 партия арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алуу 3-сентябрда аяктарын билдирген. Ал арада партиялардын биригүүсү, ирилешүү башталды. Алгачкы болуп "Ата Мекен" менен "Реформа" кызматташуу, биригүү тууралуу сүйлөшкөнүн жарыялашты.

БШКга 2-сентбярга карата “Социал-демократтар”, “Улуттар Биримдиги”, “Ишеним”, “Альянс”, "Жашылдар партиясы", “Жаратман Эл”, "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия", “Ата Мекен”, “Актив”, “Бийлик Элге”, “Ыйман Нуру”, "Эл үмүтү", “Акыйкат Кыргызстан”, "Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы", “Ар-Намыс”, "Күч биримдикте", "Азаттык", "Ынтымак", "Аалам”, "Тилектештик”, "Социалист”, "Ак Асаба”, "Ак Бата”, "Адилет” жана "Ата-Журт - Кыргызстан" партиялары арыз тапшырды.

Бул партиялардын арасынан "Социал-демократтар", "Ишеним" жана "Ынтымак" Бишкек шаардык кеңешине соңку шайлоодо өткөн. "Улуттар биримдиги" Ош шаардык кеңешине кирген төрт партиянын бири болгон.


Ош шаарынын экс-мэри, "Улуттар биримдиги" партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов "Фейсбуктагы" баракчасына тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов аталган партиянын аткаруу комитетин жетектей турганын, саясий кеңешине мүчө болгонун жазды.

"Ата Мекен" менен "Реформа" өз ара кызматташууну, биригүүнү талкуулады жана шайлоого чогуу барар-барбасы азырынча белгисиз. Бул эки партия тең соңку парламенттик шайлоодо босого чектен өтпөй калган.

Буга чейин "Өнүгүү-Прогресс" партиясы "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы менен биригиши ыктымалдыгы тууралуу маалымат чыккан. "Өнүгүү-Прогресстин" төрагасы Бакыт Төрөбаев кийинчерек комментарий берерин билдирди.

"Азыр биз ушу тууралуу талкуу кылып жатабыз. Кийинчерек айтса болобу? Азырынча жоопко даяр эмеспиз. Биригүү тууралуу дагы варианттар бар. Сиздерге конкреттүү маалыматты кийинчерек берейин, азыр супсак болуп калат".

Буга чейин “Ата-Журт Кыргызстандын” атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар экени айтылганы менен УКМК төрагасы өзү аны четке каккан. Бул партия быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоодо көпчүлүк аймакта жеңип чыккан.

"Ыйман нуру" партиясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков дагы ирилешүү тууралуу сүйлөшүүлөргө ачык экенин айтты.

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

"Өз алдыбызча катышууну ниет кылып документ тапшырдык. Сунуштар да болуп жатат, сүйлөшүүлөргө ачыкпыз. Эгерде көз караштар бир болсо, репутациясы таза, иш билги адамдар болсо бул вариантка деле жок дебейбиз. Анткени идеологиясы, ою, ниети бирдей күчтөрдүн биригиши деле жакшы фактор деп эсептейм. Шайлоодо админресурс колдонулбашы керек. Ал-бул деген менен баары бир колдонулат экен, бирок уялып, чеги менен болсо дагы бир жөн. Экинчиден болушунча таза өткөргөнгө шарт түзүлүшү керек. Буга чейинкисинде добуш сатып алуу болду. Арам иштин арты жакшы болгон жок. Бул саам мындай көрүнүштөргө катуу туруу керек".

Зарина Чекирбаева "Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы" партиясын жетектейт. Ал былтыркы шайлоодо "Бир Болдун" тизмеси менен катышкан. Буга чейин социалдык тармактарда "Бир Болдун" төрагасы Алтынбек Сулайманов, депутат Жанар Акаев, Зарина Чекирбаева жана башка саясатчылар чогуу түшкөн сүрөт жарыяланып кеткен жана "алар шайлоого барат" деген мазмундагы сөздөр тараган. Чекирбаева биригүү тууралуу суроого азырынча комментарий бере албасын айтты.

"Биз мейманкананын ачылышына гана барганбыз. Ошол жерден сүрөткө түшүп койгонбуз, эми ошол сүрөткө байланыштуу ар кандай нерселерди жазып жатышат. Элди токтото албайт экенбиз. Сиздин сурооңузга азыр эч кандай комментарий бере албайм. Анын баары азырынча белгисиз. Эмки, же кийинки жумаларда көбүрөөк маалымат болот го".

Буга чейин президент Садыр Жапаров шайлоо таза өтөт деп ишендиргенге аракет кылган.

"Жарандык платформа" коомдук фондунун башчысы Айнура Усупбекова соңку парламенттик шайлоодогу алешемдиктер жоюлбаганын белгиледи. Ошондой эле административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуунун жазасы жеңилдегенине токтолду.

Айнура Усупбекова.
Айнура Усупбекова.

"Азыркы жаңы, аралаш система мезгилдин талабы катары киргизилген. Бирок ага даярдык, техникалык мүчүлүштүктөрдү дагы бир сыйра карап чыгыш керек эле. Андан сырткары жаңы Кылмыш-жаза кодекси боюнча добуш сатып алуу менен административдик ресурстун жоопкерчилиги төмөндөп калды. Демек былтыркы октябрдагы окуялардан жыйынтык чыкпай, дагы деле добуш сатып алуу менен админресурс колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Эгер мурун админресурска катуу чара көрүлсө азыр болсо, ал Административдик кодекске эле кирип калды. Добуш сатып алууга айып пулдун саны өтө эле аз болуп жатат".

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан 290 партия каттоодон өткөн. Талдоочу Төлөгөн Келдибаевдин баамында, бул шайлоо жаңы лидерлерге жол ачышы мүмкүн.

"Азыр эми оппозициялык партиялар же оппозициялык көз караштагы адамдар ушул тушта, азыр бириге албашы мүмкүн. Бирок шайлоого жакын, үгүт жүрүп жаткан маалда идеялары окшоштор өздөрүнчө бөлүнүп, билинип калат. Ошондо биригип кетиши мүмкүн. Акаевдин, Бакиевдин тушунда бийлик күч чогулта алган, ар бир округга өздөрүнүн талапкерлерин көрсөткөн. Азыр ошондой кылып сунуштаган булардын чама-чаркы чак, азыр андай күч жок. Аймактардан жаңы жаш лидерлер өсүп чыгышы мүмкүн. Себеби, бир мандаттуу окгругдарга ошол жерде каттоосу бар гана адам талапкер боло алат. Мурда Бишкектен барып деле кое беришчү да, эми андай болбойт. Азыр эми партиянын тизмесинин ичинен эл тандай алат".


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген жана 16 жылдан кийин кайрадан бир мандаттуу мажоритардык система менен өтөт. Ошондой эле биринчи жолу партиялык ачык тизме эрежеси колдонулат. Шайлоого аттанган саясий партиялар жана бир мандаттуу округдарда талапкерлер добуш берүүгө 40 күн калганга чейин БШКга тизмесин, арызын тапшырышы керек.

XS
SM
MD
LG