Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Аянтта эгемендиктин жеңиши менен кейиши айтылды


Аянттагы аскердик парад, президенттин убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:04 0:00

Аянттагы аскердик парад, президенттин убадасы

Кыргызстан эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жатат. Буга байланыштуу эң негизги иш-чара Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында болду. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп Кыргызстандын жаңы тарыхындагы урунттуу окуялар, акыркы жылдардагы өлкөнүн экономикалык абалына токтолуп, мамлекет демократиялык жолдон кайтпай турганын айтты.

«Кыргызстан демократия жолунан кайтпайт»

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башкы салтанатка президент Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баш болгон өлкө жетекчилери катышты.

Президент кыргызстандыктарды куттуктоо сөзүндө эгемендик оңой менен келбегенин, 1991-жылы "Легендарлуу парламент" эгемендик жөнүндө декларация кабыл алып, ага удаа эле туу, герб, гимн кабыл алынганын эске салды. Бул убакыт аралыгында өлкө катаал жолду басып өткөнүн айтып, Кыргызстандын жаңы тарыхындагы урунттуу саясий окуяларга токтолду.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Албетте, отуз жыл ичинде өнүгүүнүн улуттук табиятка төп келген, оптималдуу моделин издөөнүн түйшүгүн тартып, ар кандай сыноолорго кабылдык. Олку-солку жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар түрдүү деңгээлде таасирин тийгизди. Натыйжада, эки президенттин өлкөдөн безе качып, бирөө камакта жатканы, бир нече премьер-министрдин коррупцияга байланыштуу айыпталышы - улуттук оор, кайгылуу тажрыйба болду".

Садыр Жапаров экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу да айтты. Президенттин сөзү боюнча, 2020-жылы пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи 8,6% төмөндөдү. 2021-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык активдүүлүк акырындап калыбына келүүдө.

Мамлекет башчы чакан жана орто бизнеске коммерциялык банктардын насыя беришине шарт түзүү үчүн 24 миллион долларлык гарантиялык фонд түзүлөрүн да шардана кылды.

Садыр Жапаров жакынкы беш жылда бийлик өнүккөн Кыргызстанды курууга, жарандардын өлкөгө ишенимин арттырып, элдин жашоо шартынын сапатын жакшыртууга жана укуктарынын корголушун камсыздоо үчүн аракет кыларын кошумчалады.

Өлкөдө алмашкан башкаруу системасы тууралуу талаш-талкуу токтобой жаткан шартта президент өлкө демократиялык жолдон тайбайт деп убада берди.

"Кыргызстан быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алуу менен элдин колдоосунун негизинде президенттик башкаруу формасына кайтып келди. Президенттик башкарууну парламенттик башкарууга каршы коюп жүргөн күчтөр бар. Баса белгилеп айта кетейин, жаңы Конституция - улуттук мамлекетти чыңдоо, коомдогу башаламандыкка чек коюу сыяктуу милдеттерди жүзөгө ашырууга өбөлгө болуп, ошол эле маалда демократиялык багытты улантууга шарт түзөт. Башкача айтканда, демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайбыз".

Коопсуздук жана аскердик парад

Албетте, чөлкөмдөгү акыркы окуяларга байланыштуу чек ара маселеси да көтөрүлбөй койгон жок. Президент буга байланыштуу кыргыз армиясынын курал-жарагын жана аскердик техникасын толуктап, аскердик күчтөрдүн даярдыгын чыңдоону негизги иштердин бири деп атады.

Кыргызстан 30 жыл ичинде куралдуу күчтөрүн бекемдей алдыбы, азыркы дарамети канчалык деген суроого мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаковдун жообу мындай:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

"Азыр дүйнө жаңы технологияны, жаңы техниканы колдонууга өттү. Аларды алуу жана колдонуу боюнча бизде кемчиликтер бар. Бирок кандай болбосун ЖККУ жана биз мүчө болгон башка уюмдар менен биргелешип коопсуздугубузду коргогонго дараметибиз жетет".

Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнүн урматына Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абада коргонуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) аскерлеринин, Ички иштер министрлигинин өздүк курамынын катышуусунда аскер парады өттү.

Парадга жалпысынан 2 миңден ашуун адам катышты.
Мындан тышкары чопкутталган аскердик техника, артиллериялык курал, атайын багыттагы бөлүктөрдүн салтанаттуу жүрүшү болду.

Таскагынан аксагы ашкан жылдар

Президент Садыр Жапаров башта белгилегендей Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгон 30 жыл ичинде башынан бир топ саясий окуяларды өткөрдү.

Алты ирет президент алмашып, үч президент элдик толкундоодон кийин бийликтен кетүүгө аргасыз болду. Туңгуч президент Аскар Акаев менен өлкөнүн тизгинин андан кийин колуна алган Курманбек Бакиев чет өлкөдө баш калкалап жүрөт. Экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыктагы» маегинде Кыргызстандын бийлигинин айрым каталарын белгиледи.

"Кыргызстанда кадрлар өтө эле тез алмашып атат. Жалпысынан кадр саясатында туруксуздук болууда. Татыксыз кадрлар кызматка келип атат. Бизде саясий класс сокур болуп, көрөгөчтүк жок болуп турат. Билим дегенден өксүп жатабыз. Биздин депутаттарды кайсы гана өлкөгө алып барып келишкен жок. Мөөнөтү бүтүп бараткан VI чакырылыштын ар бир депутаты кеминде ондон мамлекетке барып келди. Бирок баары бир алардын негизги билими төмөн болууда. Алардын кызыкчылыгы жалаң бизнес менен байланган".

Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков эми саясий интригаларды жыйыштырып экономикага көңүл буруу керектигин айтууда.

"30 жыл мамлекетти түптөө, куруу жагынан алганда аз эле убакыт. Бирок 30 жылда көп нерсени жасап койсо да болмок. Тилкке каршы бизде үч жолу күч менен бийлик алмашты. Анын баары өлкөнү артка тартуу. Эми кетирген кемчиликтерден сабак алып кайра кайталабаганга аракет кылышыбыз керек".

Эгемендик күнүнө карата уюштурулган иш-чарага келген карапайым адамдардан тарта өлкө жетекчилери, экс-чиновниктер менен коомдук ишмерлер өлкөнүн 30 жылдагы өксүгү менен жетишкендиктери тууралуу сөз кылышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов да пикир бөлүшүп, буларды айтты:

"30 жылда жетишкендиктерибизге караганда кемчилигибиз көп болду. Коом өзү ушундай түзүлөт окшойт да. Дүйнөдөгү бир топ мамлекеттер биз басып өткөн жолду басып өткөн. Бирок Кыргызстанда сөз эркиндиги жагынан жылыш бар. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан сөз эркиндиги жагынан алдыдабыз".

Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата облустарда да сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы өттү.

XS
SM
MD
LG