Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:12

COVID-19: Евробиримдик АКШга каттоону чектөөнү сунуш кылды


Нью-Йорк шаарында коронавируска каршы эмдөө жүргүзгөн жер.
Нью-Йорк шаарында коронавируска каршы эмдөө жүргүзгөн жер.

Европа Биримдиги АКШда коронавирустун жайылышына байланыштуу зарыл болбосо океандын ары жагына каттабай турууну сунуш кылды.

Маалыматтарга караганда, коронавирустун «дельта» штаммына чалдыккандар АКШнын түштүк тарабында көп катталып, жалпысынан вирус өлкөнүн бардык аймагында жайылып жатат. Ошондой эле бир суткада көз жумгандардын орточо саны да көбөйүп баратат.

Евробиримдиктин сунушу эч нерсеге милдеттендирбейт жана ар бир өлкө АКШдан келгендерди кандай шартта киргизүүнү өзү чечет.

Июнда туристтик сезондун алдында шаркет америкалыктардын кирип-чыгышына чектөөнү алып салган. АКШ болсо Европага зарыл болбосо каттабай турууну эскерткен чараларын сактап калган.

Брюссел ошондой эле Израилди, Косовону, Ливанды, Монтенегрону жана Түндүк Македонияны саякаттоого «коопсуз» делген өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы дүйнөдө 217 миллион кишиге коронавирус жукса, 4,5 миллиондон ашуун бейтап андан көз жумганын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG