Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Жолдошева: президент өч алуу айлампасынан чыга албай жатат


Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

Парламенттин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева президент Садыр Жапаровго кайрылып, бийликти сындагандарды саясий куугунтук албоого чакырды. Жолдошева мындай пикирин журналист Майраш Базлакунованын Youtube каналына берген маегинде билдирди.

“Ачуу чындыкты көтөрө билиш керек. Мезгилинде Садыр Жапаров дагы айткан. “Баш кесмей бар, тил кесмей жок” деп. Азыр эмнеге чындыкты айтып жатса уккусу келбейт? Эмне үчүн чындык айткандардын баарысын отургузуп же өч алуу айлампасынан чыга албай жатат. Өч алуу айланпасынан чыгышы керек. Бизге окшогон саясатчылардын үнүн уга билиш керек. Элине жакын болуп, элинин көйгөйүн угушу керек”, - деди Жолдошева.

Экс-депутат бейкүнөө камалгандар деп саясатчы Жеңиш Молдакматовду мисалга тартты. Жолдошева бийликтин Кумтөр, чек ара маселелери боюнча аракеттерин кескин сындап, мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип кетишин элдик толкундоолорго алып келиши мүмкүн деп эскертти. Азырынча президенттик аппарат Жолдошеванын сынына жооп бере элек.

Парламенттин бешинчи чакырылышынын депутат Жылдызкан Жолдошева 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон. Ошол кезде камактагы Садыр Жапаровду колдоп келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG