Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:55

Сузакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формасы тапшырылды


Иш-чарадан тартылган сүрөт.
Иш-чарадан тартылган сүрөт.

Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формасы тапшырылды. Облустук администрациянын маалыматына караганда, 18-августта Сузак районунда жакыр үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан, ата-энесинен ажыраган 200 балага жаңы окуу жылына карата мектепке кие турган кийим бекер тапшырылды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев демилге кылган бул акцияга демөөрчүлөр жардам берип жатканы маалымдалды.

Алдыда облус аймагындагы башка район-шаарларда да калктын саны эске алынган шартта жалпы 800 балага форма жеткирилет.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жабылган мектептер быйыл кайрадан ишин кадимки тартипте улантканы жатат. Окуу жылы 15-сентябрда башталат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанда кедейликтин деңгээли 25% болгон, 2019-жылга салыштырганда бул 5% жогору.

Кедейлик деңгээли боюнча эң жогорку көрсөткүч Жалал-Абад облусунда. (TB)

XS
SM
MD
LG