Жогорку Кеңештин соңку чечимдери баарыбызды ойлонтууга тийиш. “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору менен депутаттар жан сакчы жана курал алып жүрүшү керек деген сунуш үндөшүп калганы бекеринен эмес...
Биздин эл эзелтен бери сөзгө өтө терең маани берип, эң орчундуу маселелерди жүйө менен, акыл менен чечип келген. Чырдашкан туугандарды, кошуналарды, урууларды элдештирип, касташкан жоону да жүйөлүү сөз менен эпке келтирген сөзмөр кишилердин баркы найза сайган, кылыч чапкан жоокерлерден өйдө болгон. Тагдыр чечер учурларда алардын таасири хан менен кол башчыдан калышпаган.
Ушул ыӊгайдан алганда, азыркы Жогорку Кеңешке элдин атынан чыкканга татыктуу, чындыкты тайсалдабай айтууга жараган, мамлекеттик иштердин көзүн билген өкүлдөр шайланышы керек эле.
Тилекке каршы, улам кийинки чакырылыштарда парламенттеги орундарды бейнамыс, сабатсыз, түркөй немелер көбүрөөк ээлей берди. Аткаруу бийлигинин деңгээли канчалык экени да баарыбызга белгилүү.
Мындан ары ушулардын “ишин” сындан коргоо үчүн чектөө, тыюу чараларын мыйзамдаштырмакчы болуп жатышат. Жакында өкмөттүн сыйлык-наамын алган мамлекеттик кызматкерлерди кол тийгис кылуу керек деген мыйзам долбоору өтпөй калды эле. Эми ал да кайра каралып, көпчүлүк добуш менен кабыл алынып кетсе, таӊ калбаш керек. Анткени депутаттарга курал берилип, жан сакчылар бекитиле турган болду окшойт...
“Сөз билбеген муштуму менен коркутат”
“Жакшылар” тапанча менен кимден коргонот? Аларды жан сакчылар кайсы коркунучтуу күчтөрдөн кайтарат? Акыл менен талдап, сөз менен түшүндүрүлө турган маселелерди чечкенге даремети жетпеген депутаттар кумга башын тыккан төө кушка биротоло окшоп калчудай.
Кабинетине “өз кишилерден” башка эч кимди киргизбеген эргулдарды Ак үйдүн коридорлорунан же кире беришинен күтүп суроо узатуучу журналисттерди эми сакчылары кубалайбы?
Насилинде элдин мүдөөсүн аркалап, коом үчүн дайым ачык жүрүүгө тийиш болгон депутаттар бул мыйзам кабыл алынгандан кийин такыр обочолонуп, жер-жерлерди кыдырганда да жалаӊ гана алдын ала даярдалган дүжүрлөр менен “жолугушуп” кайта берет окшойт.
Кулагына жаккан кошомат сөздөрдү гана угуп, реалдуу жагдайды айткандарды душман көргөн, аларга каршы жан сакчыларын тукурган жакшылардын элге кереги барбы?
Байлар менен кедейлер ортосундагы ажырым түпсүз жаракадай тереӊдеп бараткан кезде бул мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышы бийликке болгон элдин ишенимин ого бетер начарлатпайбы?
Таза, түз иштеген киши сындан коркпойт. Шылтоого шыноо жок болсо, шыбырды эч ким тыңшабайт.
Суроо-жооп жок жерде жоопкерчилик болбойт
Коомдо түркүн пикирлердин, мунун ичинен бийликке карата сындын эч тоскоолдуксуз айтылып турушу өтө зарыл. Мындай мүмкүнчүлүк болбосо, бийлик пирамидасынын чокусуна чейин элдин үнү угулбайт.
Бир караганда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам жалаа жапкан жосундарга каршы иштелип чыккандай көрүнөт. Бирок ал иш жүзүндө бийлик башындагыларды жана чоң ууруларды сындан калкалоо үчүн колдонулушу көбүрөөк ыктымал.
Бажыдан байыган мультимиллионерди мурунку президент актап-жактагандай, “фактың барбы?” деген сөз мындан ары көп кайталанып, сын пикир айткандар куугунтукталары бышык.
Бул мыйзамга кол коюлса, расмий маалымат булактары бир беткей үгүт менен гана алектенип калат. Өкмөттүк эмес ЖМКларга көңүл бурган, андагы ойлорду талкуулаган мамлекеттик кызматкерлер жазаланып, жумуштан айдала баштайт.
Стратегиялык маанидеги иштердин жакшы жүрбөй жатканын дүжүрлөр мамлекет башчыга айтпайт, эл ичинен чындыкты сүйлөчүлөр менен ал жолугуша албайт.
Ар кандай жүйөлүү суроолорго так жооп берилбей, жалганчылык саясий “маданияттын” өзөгүн түзүп калат да, акыры элдин башын айлантуу үчүн катыра айтылуучу калпка аны жайылтуучулар өздөрү да ишене баштайт.
Бул жагдай өтө опурталдуу – кайрадан социалдык кыйроого алпарышы ыктымал. Бийлик башындагылардын куулганы эчтеке эмес, бирок аңтар-теңтердин азабын кайра эле карапайым эл тартканы жаман...
Ошого жеткирбеш үчүн баарыбыз сергегирээк ойлонолу. Бийликтегилерден жоопкерчиликтүү ишти талап кылалы.
Жолдош Турдубаев, публицист
P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.