Президент Садыр Жапаровдун 11-августтагы жарлыгы менен Башкы прокурордун биринчи орун басары Нуркамал Набиев кызматынан бошотулду. Анын ордуна Абай Молдокматов дайындалды.
Мамлекет башчы 11-августта өз жарлыгы менен Баш прокурордун орун басары Рысбек Альчиновду кызматтан бошотту. Баш прокурордун орун басарлыгы кызматына Кумарбек Токтакунов жана Кубан Адыл уулу дайындалганы расмий кабарланды.(ZKo)