Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:39

Беларус: бийликке каршы акциялар, батыштагы "акыркы диктатор"


Польшадагы демонстрациядан көрүнүш
Польшадагы демонстрациядан көрүнүш

Беларуста бийликке каршы акциялардын башталганына бир жыл толду. 2020-жылдын 9-августунда өткөн президенттик шайлдоонун жыйынтыгына нааразы болгон беларустар акцияга чыгышкан эле.

Мындан туура бир жыл мурун Беларуста президенттик шайлоо өтүп, расмий бийлик өлкөнү 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун утканын жарыялаган. Добуш берүүнүн ыплас жол менен өтүп, жыйынтыгы ачыктан-ачык бурмаланганына нааразы болгон он миңдеген беларустар өлкөнүн бир нече аймагында ушул күндөн тарта көчөгө чыгып, акцияларды өткөрүп келишти.

Лукашенконун жеңишин Беларус оппозициясы, Батыштагы бир нече өлкө тааныган жок. АКШ, Европа биримдиги баш болгон өлкөлөр Лукашенконун режимине басым кылуу үчүн бир нече жолу санкция салды.

Беларус бийлиги андан бери ар жекшемби сайын акцияга чыккандарга күч колдонуп, он миңдеген кишилерди камады. Оппозициянын лидерлерин абакка камап, айрымдарын четке чыгып кетүүгө мажбур кылды. Ондогон бейөкмөт уюмдар кысымга кабылып, маалымат каражаттары, журналисттердин каттоосу жокко чыгарылды.

Дал ушундай шартта нааразылык акцияларынын бир жылдыгы коңшу өлкөлөрдө демонстрациялар менен белгиленди. Польшада жүздөгөн адамдар жүрүшкө чыгып, Беларустагы саясий репрессияларга каршылыгын билдиришти. Бул акцияга Польшада саясий башпаанек алган беларустар катышып, оппозициянын эн белгиси саналган “ ак-кызыл” тууларды көтөрүп, “Жашасын Беларус!” деген ураан чакырышты.

Ушундай эле акция коңшу Украинанын борбору Киев да өттү. Анда өткөн аптада Киевдеги гүлбакка асылган абалда сөөгү табылган “Украинадагы Беларус үйү” коомунун башчысы Виталий Шишов да эскерилди. Шишов жетектеген уюм Беларустан качкан жарандарга турак жай таап, жумушка орноштуруп, социалдык жардам көрсөтүү менен алектенип келген эле.

Былтыркы демонстрациялардан соң бийликтин куугунтугуна кабылгандарды Литва, Польша, Украина өз аймагына киргизип, кабыл алып жатат. Акыркылардан болуп спортчу Кристина Тимановская Польшадан башпаанек алды. Токиодогу Олимпиада оюндарына катышууга барган жөө күлүк Тимановская бийликке нааразылыгын айтканы үчүн беларустук аткаминерлер аны күч менен Минскиге алып кетүүгө аракет кылышкан.

Былтыркы президенттик шайлоодо оппозициянын атынан катышып, Лукашенконун башкы атаандашы болгон Светлана Тихановская акциялардын бир жылдыгына карата билдирүү таратты:

Светлана Тихановская, 2021-жыл, 9-август.
Светлана Тихановская, 2021-жыл, 9-август.

“Мен бир жыл мурун беларустар эмнени тандаганын билем. Мен да ошол нерсени тандап, жоопкерчиликти өзүмө алгам. Биздин эркиндикке карай жолубуз канчалык узун жана татаал болбосун, мен беларус эли менен бирге болом”.

Бийликтин кысымынан соң Литвага чыгып кеткен Тихановская беларус оппозициясынын өкүлү катары Европадагы бир нече өлкөнүн, АКШнын президенттери менен жолукту. Польша, Чехия сыяктуу өлкөлөр беларус оппозициясынын расмий өкүлчүлүгүн ачууга макулдук беришти.

“Европадагы акыркы диктатор” атыккан Александр Лукашенко болсо 9-августта маалымат жыйынын өткөрдү. Ал дале оппозицияны «мамлекеттик төңкөрүшкө» даярданган деп айыптады:

Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

«Айырма бир гана нерседе болду. Бир тарап ачык-айкын, адилет шайлоого даярданган. Экинчилер болсо бийликти жок кылууга чакыргандар төңкөрүшкө даярданышкан», -деп билдирди Лукашенко.

Беларус демонстрацияларынын бир жылдыгы белгиленип жаткан чакта бир нече эл аралык уюмдар да билдирүү таратышты. 9-августта Amnesty International Беларустагы катаал репрессияны айыптап, бул өлкөдө адам укугун одоно бузган аракет уланып жатканын жарыялады.

Лукашенкого каршы жаңы санкциялар

Буга чейин Беларустун авторитардык режимине бир нече санкция салган Евробиримдиктин жетекчилиги жаңы чектөөлөрдү киргизерин эскертти.

Британия Беларуска жаңы соода жана финансылык санкцияларды салды. Ага ылайык, бул өлкөдөгү калий жер семирткичтерин, мунайды жана өлкөдөгү банктар чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга тыюу салынды.

Буга кошумча, беларус авиакомпаниялары жана Лукашенконун "жеке учактарына" Британиянын асманында учуу, конуу жана техникалык тейлөө көрсөтүүдөн баш тартуу да каралган.

Британ тышкы иштер министри Доминик Раабдын айтымында, санкциялар Британия Лукашенконун шайлоону бурмалаганын эч качан кабыл албаганын түшүндүрөт.

"Лукашенконун режими Беларустагы адам укуктарын бузуп, демократияны кысымга алып алууну улантууда",- деди Доминик Рааб.

АКШнын бийлиги да Лукашенконун режимине жаңы санкцияларды киргизерин жарыялады.

Ал эми Еврокомиссиясынын тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррель “режимдин эл аралык милдеттемелерди көзгө албай жатканына байланыштуу Евробиримдик мындан аркы чараларды карап көрүүгө даяр” экенин жарыя кылды.

Боррель Лукашенконун режиминин май айында оппозициячыл блогер Роман Протасевич түшкөн учакты Минскиге күчтөп кондуруу, мыйзамсыз мигранттарды саясий максатта колдонуу аракеттерин “эл аралык нормаларды одоно бузуу” деп атады.

Буга чейин Беларус бийлигинин Сирия, Ирак, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген мыйзамсыз мигранттарды Евробиримдиктин чек араларына алып барып, киргизип жатканы сынга алынган эле. ЕБ өкүлү Минск мигранттарды саясий максатта колдонуп жатат деген баа берди.

Европа Беларустагы демократиячыл кыймылды колдой турганын жарыялап келет. 8-августта Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас бүткүл өлкө Лукашенконун колунда туткунда экенин белгилеп, беларустуктарга колдоосун билдирди.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG