Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

Тажикстанда тик учак кырсыгынан бир киши көз жумду


 Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Ми-8 тик учагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагында кырсыкка учурады.

Андагы экипаж тоодо, беш миң метр бийиктикте түшө албай калган орус туристтерине жардамга бараткан. Кырсык бир адамдын өмүрүн алып, төрт киши жарадар экенин «Азаттык» радиосунун тажик кызматына жергиликтүү бийликтеги булак билдирди.

Чек ара кызматынын тик учагы кырсыктаганы боюнча расмий маалымат чыга элек. Окуя болгон Поймазор кыштагы Федченко, Кашолаях жана Медвежий мөңгүлөрүнө жакын жайгашкан. Тажикстандын тоолорунда буга чейин да бир нече тик учак кыйраган.

2018-жылдын август айында Исмоили Сомони чокусуна альпинисттерди алып бараткан тик учак кырсыгынан беш киши көз жумган. Анда кырсыкка катуу шамал жана туман себеп болгон.

XS
SM
MD
LG