Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

АКШга жардам берген оогандыктарды көчүрүү боюнча программа жарыяланат


Ооганстандагы Кандагар аэропорту
Ооганстандагы Кандагар аэропорту

Жо Байдендин администрациясы айрым оогандыктарды Кошмо Штаттарга эвакуациялоо боюнча жаңы программаны жарыялайт. Бул тууралуу Байдендин администрациясы жана дагы башка эки булакка таянып Reuters агенттиги жазып чыкты. Анда гы маалыматка ылайык, Мамлекеттик департамент “Приоритет-2” деп аталган программа тууралуу 2-августта жарыялашы мүмкүн.

АКШнын бийлиги азырынча бул программа тууралуу расмий комментарий бере элек. Бирок мындай аракет Ооганстанда “Талибандын” согушкерлери күн өткөн сайын өлкөнүн улам бир аймагын басып алган учурда сунушталганы жатат. Талибдер ооган жергесинен АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн чыга башташы менен активдешти.

АКШдагы бир катар сенаторлор жана укук коргоочу уюмдар антитеррордук операциялар маалында америкалыктар менен иштеген оогандыктарды колдоону президент Байдендин талап кылган. Алар талибдер АКШ менен байланышы бар жергиликтүүлөрдөн өч алат деп кооптонушат.

Буга чейин "Атайын иммиграциялык виза" деген программа иштелип чыккан эле. Ага ылайык, АКШ өкмөтүндө иштеген кызматкерлер, котормочулар жана алардын үй-бүлөлөрү виза алып, көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүк берилеь.

Reuters агенттиги жазгандай, жаңы программа АКШ каржылаган долбоорлордо, бейөкмөт уюмдар жана маалымат каражаттарында иштегендерге тиешелүү. Бул категориядагы адамдар "Атайын иммиграциялык виза" деген программанын алкагында АКШдан виза ала албай келген.

XS
SM
MD
LG