Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын апасы териштирүү солгун жүрүп жатканын айтууда


Айзада Канатбекова. Иллюстрациялык коллаж сүрөт.
Айзада Канатбекова. Иллюстрациялык коллаж сүрөт.

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул окуя боюнча териштирүү солгун жүрүп жатканына арызданды. Маркумдун апасы Назгүл Шакенова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилигине да кайрылганын кошумчалап, "такыр жылыш жок" экенин билдирди:

“Биринчи Май райондук сотунда эки айда бир эле процесс болду. Садыр Жапаровго кайрылайын дедим эле. Өзү башында эле айткан көзөмөлгө аларын. Айткан сөзүн аткарса жакшы болот эле. Кызымды уурдаган беш бала да мыйзам алдында жооп берсин. Башкаларга да сабак болсун”.

Шакенованын маеги алып баруучу Назира Айтбекованын YouTube каналына жарыяланды.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү талаадан табылган.

Май айында Канатбекованы өлтүрүү боюнча кылмыш иши кыскарган. Буга кызды кыйнап өлтүрдү деген Замирбек Теңизбаев өз жанын да кыйганы негиз болгон.

Кылмышка тиешеси бар деп кармалган бир нече адам азыр камакта отурат.

Ал эми милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай Турдаалы кызы милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Кыргызстандын Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" деген 175-беренесине ылайык, 5-10 жыл жаза чарасы каралган, бирок жазага тартылгандар дээрлик жокко эсе.

Human Rights Watch уюму жакында Европа кеңешинин мүчөлөрүн аялдарга зомбулукка каршы жигердүү аракеттерди көрүүгө чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG