Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Ооган-пакистан чегиндеги бекет талашка түштү


Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү Пакистан менен чек арадагы бекетке талибдердин чабуулунун мизин кайтарганын жарыялады. Буга чейин согушкерлер бул аймактагы бир нече бекетти ээлеп алышканын билдирген эле.

Ооган өкмөтү Пакистан менен чек арадагы стратегиялык мааниси бар бекет көзөмөлүндө экенин жарыялады. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Тарек Ариан “Талибандын” террорчулары чек арага чабуул койгонун билдирди.

"Биздин коопсуздук күчтөрү анын мизин кайтарды”,-деди ал.

Ооган өкмөтү мындай билдирүүнү талибдердин буга чейинки жарыясына жооп катары таратууда. Анда согушкерлер Кандагар провинциясындагы Спин-Болдак өткөрмө бекетин басып алганын шардана кылган эле.

“Талибандын” расмий өкүлү Забихулла Мужахид Спин-Болдак бекетине кетчү жолду көзөмөлгө алышканын жарыялап, бирок товарлар менен автоунаалардын коопсуздугуна коркунуч жаралбай турганын айткан.

“Биздин аскерлер Кандагардагы Веш деген чек арадагы шаарчаны ээлешти”.

Азыркы тапта ооган өкмөтү менен талибдердин карама-каршылыктуу билдирүүлөрүн текшерүү кыйын болуп жатат. Чек аранын аркы бетиндеги Пакистандын аскерлери шаарчада “Талибандын” туусу көтөрүлгөнүн билдиришти. Ал эми социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө талибдер аталган конушка кирип жатканын көрүүгө болот.

Спин-Болдак бекети талибдер үчүн стратегиялык мааниге ээ. Дал ушул жай аркылуу Пакистандагы Белужистан аймагына түз каттоого жол ачылат. Аталган аймакта Пакистандагы “Талибан” кыймылынын күчтөрү жайгашкан. Алар согушкерлерге ооган өкмөттүк күчтөрү менен салгылашта жардамга келиши мүмкүн.

Соңку апталарда “Талибан” кыймылынын жоочулары Ооганстандагы бир нече районду ээлеп алды. Анын ичинде Борбор Азиядагы өлкөлөр менен чектешкен аймактар да бар. Талибдер мындай жол менен Кабулду чек арадагы соодадан түшчү кирешеден куру калтырып, өз казынасын толтурууда.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү колдон алдырган аймактарды кайтарууну убада кылып келет. Бирок ал качан ишке ашары белгисиз.

14-июлда Ооганстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Ажмар Омар Шинвари: “Биз алдырган аймактарды кайтаруу боюнча планды иштеп чыктык. Жакында силер биздин эң чоң жетишкендигибиздин күбөсү болосуңар”,-деп билдирди.

Талибдердин Борбор Азия өлкөлөрүнө чектеш аймактарды ээлегени Орусиянын тынчсыздануусун жаратты. Аймактагы өлкөлөр менен бир аскердик уюмга мүчө болгон Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 14-июлда билдирүү таратып, эгер “Талибан” аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратса, анын кесепети оор болорун эскертти.

Москва ооган өкмөтү менен талибдерди сүйлөшүү жүргүзүп, абалды жөнгө салуу үчүн кеч болуп кала электе өткөөл коалициялык өкмөт куроого чакырды.

Өткөн аптада “Талибандын” мүчөлөрү Москвага келип, орус расмийлери менен жолуккан.

Ооганстандагы кырдаал Тажикстанда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынында да сөз болду. Тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин буларды айтты:

“Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер Ооганстандын өкмөтү жана элинин тынчтыкты, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу, террорчулук жана наркотрафикке каршы туруу аракеттерин колдойт. Ошондой эле, ШКУ өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууда БУУнун аракеттерин кубаттайт”.

Ал ортодо Ооганстандагы атын атагысы келбеген чиновник Дохада жакынкы күндөрү ооган өкмөтү жана "Талибандын" өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу боюнча жолугуша турганы мүмкүн экенин жарыялады. Айрым маалыматтарга караганда, бул жолугушуу 16-июлда өтүшү ыктымал.

20 жылдан бери Ооганстанда террорчулукка каршы күрөшүп келген АКШ баштаган коалициялык күчтөр май айынан тарта аскерлерин чыгарып жатат. Кошмо Штаттардын бийлиги 11-сентябрга чейин өз жоокерлерин ооган жергесинен чыгара турганын жарыя кылган. Талибдердин чабуулдары ушул мезгилде күч алды.

"Талибан" Кыргызстанга коркунуч жаратабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:08 0:00

XS
SM
MD
LG