Пакистанда кытайлык жумушчулар бараткан автобус жарылып, бир нече адам көз жумду. Полиция алгач 13 киши көз жумганын, алардын тогузу кытай жарандары, калгандары пакистандык аскерлер экенин билдирген.
Бээжин Исламабадды күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартууга чакырды. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь 14-июлда Пакистан кылмышкерлерди катаал жазага тартып, өлкөдөгү кытай жарандарынын, уюмдарынын жана долбоорлордун коопсуздугуна олуттуу көңүл бурууга тийиш экенин билдирди.
Азырынча жардыруучу зат автобустун ичине же ал бараткан жолго коюлганы белгисиз. Анда Пакистандын түндүгүндөгү гидроэлектрстанциянын курулушунда иштеген кытайлыктар баратышкан.
Бээжин "Бир куур - бир жол" демилгесинин алкагында Хайбер-Пахтунхва провинциясында Дасу гидроэлектрстанциясын куруп жатат.