Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

"Ховар": ооганстандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качты


Тажик-ооган чек арасы.
Тажик-ооган чек арасы.

13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылынын жашоочулары, этникалык кыргыздар талибдерден коркуп Тажикстандын аймагына кире качышканын «Ховар» маалымат агенттиги Чек ара кызматына таянып жазды. Маалыматка караганда, 77 ооганстандык кыргызды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен.

Учурда качкындар Мургаб районуна жайгаштырылды. Ооганстандык кыргыздар мал жандыктарын айдай келишкен. Качкындар менен кошо 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана отуз жылкы кирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тактап жатканын билдирди.

Соңку жумаларда “Талибан” кыймылы Ооганстандын үчтөн бир бөлүгүн, анын ичинде Тажикстан менен чектешкен аймактарды өз карамагына алышкан. Буга чейин ооган өкмөтүнүн миңдей аскери Тажикстандын аймагына өтө качкан. Расмий Дүйшөмбү чек арага кошумча 20 миңдей аскер тартылганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG