Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:48

Путиндин түз эфири: коронавирус жана активисттин нааразылыгы


Владимир Путин түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берди. 30-июнь, 2021-жыл.
Владимир Путин түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берди. 30-июнь, 2021-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин шаршембиде жарандардын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Түз эфир өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп, эпидемиологиялык абал начарлаган учурга туш келди.

Бул иш-чарага алдын ала эки миллиондон ашык суроо келип түшүп, негизинен орусиялыктар коронавирус пандемиясы менен күрөш жана вакцинага байланыштуу суроолорду беришти.

Путин: "Спутник V" менен эмделдим

Путин салтка айланган суроо-жооп форматындагы иш-чарасын оболу коронавирус пандемиясынын тегерегиндеги суроолорго жооп берүү менен баштады. Ал жапырт милдеттүү эмдөөгө каршы экенин, бирок өзү жыл башында жергиликтүү "Спутник V" вакцинасы менен эмделгенин айтты.

"Коронавирустан эмдөөнү улуттук милдеттүү эмдөө планына киргизүү боюнча кесиптештерден сунуштар түшкөн. Бирок Мамлекеттик Думанын депутаттары бул сунушту колдошкон жок жана ооруга каршы эмдөө бул тизмеге киргизилген эмес. Мыйзамдын экинчи бөлүгүндө айрым региондордо вирус күч алган учурда, аймактын жетекчилери милдеттүү эмдөөнү киргизүүгө укуктуу деп жазылган. Алар аны аткарышты. Орусияда 20 миллион адам эмдөөдөн өттү. Эгер мен вакцина сайдырдым деп айткан болсом, анда ал туура", - деди Путин.

Былтыр августта Орусия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын каттоодон өткөргөн. Кийинчерээк орусиялык дагы эки вакцина колдонууга уруксат берилген.

Анткен менен Орусия дүйнөдө өнүккөн өлкөлөрдүн ичинен эмдөө көрсөткүчтөрү эң начар мамлекеттердин катарына кирет. Көпчүлүк орусиялыктар жергиликтүү вакцинанын артында турган илимге же жалпы эле өкмөткө ишенбейт.

Коронавируска каршы күрөштө Путин коомдук жайларда чектөөлөрдү киргизүү же алып салуу сыяктуу маанилүү чечимдерди Москва шаарынын мэри сыяктуу регионалдык аткаминерлерге тапшырган.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги 29-июнда өлгөндөрдүн саны пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүчкө жеткенин кабарлады. Акыркы суткада 21 миңге жакын киши вирусту жугузуп алса, 652 киши көз жумган. Жалпысынан пандемия башталгандан бери Орусияда COVID-19дан 135 миңден ашык киши каза болду.

Бирок айрым эпидемиологдор Орусияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны августтун аягында же сентябрдын башында кескин өсөрүн, бул кырдаал 19-сентябрдагы президенттик шайлоого туш келерин эскертип жатышат.

Владимир Путин түз эфир учурунда. 30-июнь.
Владимир Путин түз эфир учурунда. 30-июнь.

Зеленский тууралуу

Путин Украинанын президенти Владимир Зеленский тууралуу суроого жооп берип жатып, аны менен жолукпай турганын жана сүйлөшүүгө негиз жок экенин айтты.

"Украинанын негизги маселелери Киевде чечилбесе, Зеленский менен жолугушуунун эмне кереги бар? Алар Вашингтондо, кээде Берлин менен Парижде чечилет. Андыктан биз аны менен эмне жөнүндө сүйлөшүшүбүз керек? Мен украиналыктарды душман деп эсептебейм. Бирок бүгүнкү Украинанын жетекчилиги биз үчүн достук мамиледе эмес", - деди Путин.

Украинанын президенти Владимир Зеленский апрелде Путин менен жолугушуу жөнүндө билдирип, ал куралдуу жаңжал уланып жаткан Донбасста өтүшү мүмкүн экенин айткан. Путин аны Москвага чакырган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки лидердин жолугушуусу жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканын четке каккан эмес.

Москва 2014-жылы кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын күч менен аннексиялап алып, орустар колдогон жикчил күчтөр чыгыштагы ири аймакты өз көзөмөлүнө алган. Акыркы айларда Орусия Украина менен чек арасына аскерлерди тарта баштаганда тараптардын мамилеси ого бетер курчуп кетти.

Сайттарга бөгөт чарасы тууралуу

Президентке катардагы орусиялыктардан эки миллионго жакын суроо келип түшкөн. Ошондой эле, алдын ала жазуу түрүнде же соцтармактардан алынган суроолор да берилди.

Соцтармак демекчи, орусиялык белгилүү блогер Никита Левинский Путинге "чет өлкөлүк сайттарга бөгөт коюлбайбы?" деген суроосун узатты.

"Жок, андай пландар жок. Биз эч кимге бөгөт койбойбуз, алар менен иштешебиз. Бирок көйгөйлөр бар, алар Орусиянын мыйзамдарын аткаруудан баш тартканда бизди угушпайт. Бул биздин кадыр-баркыбызды түшүрөт", - деп Путин блогерге жооп берди.

Эскерте кетсек, 17-июнда Мамлекеттик Дума интернет ресурстары жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырган. Анда күнүмдүк аудиториясы 500 миңден ашкан чет элдик компаниялар Орусияда өкүлчүлүктөрүн ачууга милдеттүү экени айтылат.

Өкүлчүлүктөр ачылса, алар орус тилиндеги же Орусиядагы башка улуттун тилдериндеги маалыматтарды, орусиялыктарга багытталган жарнамаларды таратышат. Орусиядан келген колдонуучулар жөнүндө маалыматты иштеп чыгышат жана орус жарандарынан жана компанияларынан акча алышат.

"Роскомнадзор" мекемеси буга чейин бир канча жолу Google, Facebook жана Twitter сыяктуу соцтармактарга эскертүү берип, айып пул салган. Апрель айынын башында эле "Твиттер" 8,9 миллион рублга айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Буга кишилердин намысына шек келтирген посттор, сүрөттөр жана билдирүүлөр себеп болгону кабарланган.

Путин түз эфирде интернет жөнүндө суроого жооп берип жатканда, алып баруучулар хакерлердин чабуулуна кабылып, байланыш жакшы болбой жатканын эскертишти. Алар эфирдин серверине DDoS чабуул коюлганын билдиришти.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков хакерлердин чабуулу кайдан келип жатканы азырынча белгисиз экенин айтты.

Буга чейин DDoS чабуулдар Путиндин 2019-жылдагы түз эфири учурунда болгон.

"Путин, калп айтканды токтот!"

Ал ортодо президент эл менен онлайн баарлашып жатканда , Санкт-Петербург шаарында "Путин, калп айтканды токтот!" деген плакаты менен митингге чыккан Валерий Кащюк кармалды. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" басылмасы маалымат тараткан. Кащюк шаардын борборунда жалгыз акция өткөрүп, Путин катышкан түз эфирге нааразылыгын билдирген.

Орусиялыктар инфляциянын өсүшүнө, маяналардын көтөрүлбөй, жашоонун начарлашына нааразы болгону менен, Путинди жактыргандар көп.

Анткен менен Сталинден бери бийликте эң узак жыл отурган Путин кайра шайлануу үчүн ат салышарын же салышпасын айта элек.

"Бирдиктүү Орусия" кээде популярдуу эмес мыйзамдарды кабыл алат

Владимир Путин күзүндө өтө турган Мамлекеттик Думага шайлоодо бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясын колдой турганын билдирип, жетинчи чакырылыштагы парламент "өз деңгээлинде жана татыктуу иштеди" деп баса белгиледи.

"90-жылдары көпчүлүктүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн көптөгөн чечимдер кабыл алынган, бирок адамдар аны аткаруу мүмкүн эместигин түшүнүшкөн. Аларды кабыл алгандар чечимдерди аткарууга мүмкүн эместигин алдын ала билишкен. "Бирдиктүү Орусия" партиясынын депутаттары кээде популярдуу эмес чечимдерди кабыл алат, бирок адамдардын тагдыры ушул чечимдерге көз каранды. "Бирдиктүү Орусия" өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн бекем сактап, өлкө үчүн керектүү чечимдердин кабыл алынышына кепилдик берет", - деди Путин.

Деген менен башка партиялар “Бирдиктүү Орусиянын” эсебинен Мамлекеттик думада жеңишке жетсе, же 19-сентябрдагы шайлоого эл аз катышса, 2024-жылкы президенттик шайлоо татаал болушу ыктымал. Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын рейтинги сурамжылоолор көргөзгөндөй төмөндөп кетти.

Кремль төрт саатка созулган түз эфир аркылуу Путинди элдин көйгөйүн билген, Орусиядагы ири долбоорлор эле эмес, эң жөнөкөй маселелерге чейин кабары бар лидер катары көрсөтүүгө далалат кылды.

69 жаштагы Владимир Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келет. 2008-2012-жылга чейин өкмөттү башкарганы менен анын таасири сакталып калган. Орусиянын Конституциясына былтыр киргизилген өзгөртүүлөр Путин расмий түрдө бийликте 2036-жылга чейин калууга жол ачкан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG