Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

Жапаров менен Рахмон чек ара маселесин талкуулады


Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон 29-июнда Дүйшөмбү шаарында кеңейтилген форматта жолугушту.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон 29-июнда Дүйшөмбү шаарында кеңейтилген форматта жолугушту.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29-июнда Дүйшөмбү шаарында кеңейтилген форматта жолукту. Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-тажик саясий мамилеси, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча пикир алмашып, кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулады.

Эмомали Рахмон эки тараптуу мамиледеги башкы маселе - чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо экенин белгиледи.

Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо боюнча маселелердин мүмкүн болушунча эртерээк чечилиши жана тийиштүү келишимге кол коюлушу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө өбөлгө болооруна көңүл бурду.

Тажикстандын президентинин расмий сайтына эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Рахмондун жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүсү жарыяланды.

Анда Садыр Жапаров менен жолугушууда ушул жылдын апрель айынын соңунда чек арада болгон кайгылуу окуяга кенен токтолгону айтылат.

“Эки тараптын тең адамдар каза болуп, жапа чегишти. Калкка материалдык жана моралдык зыян келтирилди, жарандарыбыздын ортосундагы жакшы коңшулук мамилесине олуттуу зыян келтирилди”, - деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия өз ишин такай негизде улантары белгиленди. Маалыматта кыргыз-тажик чек арасынын 520 чакырымга жакыны такталганы, ушул күнгө чейин дагы 32 чакырымы жумушчу деңгээлде макулдашылганы кабарланды.

Чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталып, акыркы 20 жыл ичинде чек ара тилкесин делимитациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 180ге жакын отуруму жана жумушчу топтордун жыйындары өткөрүлгөнү айтылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG