Казакстанда күйүүчү май кескин кымбаттады. Мисалы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы жыл башынан бери 30% өстү. Сатуучулар бул аргасыз чара экенин айтышууда. Ал эми Казакстандын Монополияга каршы департаменти бул көйгөйгө күйүүчү май бизнесиндеги ортомчуларды айыптап жатат.