Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:13

Июнь коогасына 11 жыл болду


Кыргызстан. Ош. Июнь окуяласына коюлган эстелик. 2017
Кыргызстан. Ош. Июнь окуяласына коюлган эстелик. 2017

2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына бүгүн 11 жыл болду.

Расмий маалыматка таянсак, бул каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

Коога учурунда укук коргоо органдарына жана аскер бөлүктөрүнө тиешелүү 1058 ок атуучу курал, жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон. Мындан сырткары чопкутталган алты аскер техникасы мамлекеттик органдардан тартылып алынып, кийин кайра кайтарылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 632 курал-жарак жана ар түрдүү калибрге түшчү 90 миңге чукул ок-дары күч органдарына өткөрүлгөн.

Курал-жарактарды тартып алуу жана шалаакылык боюнча 66 кылмыш иши козголуп, анын 52нин бети ачылган. Сотко мына ушундай мүнөздөгү 38 кылмыш иши өткөрүлүп берилип, 55 аскер адамына айып коюлган. Алардын арасынан куралды тарттырып жиберүүгө өбөлгө түзгөн кырдаалга жараша деген негиз менен 27 аскер адамынын кылмыш иши кыскарганы белгилүү.

Быйыл президент Садыр Жапаров июнь окуясын кайра иликтөө боюнча атайын кызматка тапшырма берген. (МТа)

XS
SM
MD
LG